Путин Байденге түз эфирде сүйлөшүүнү сунуштады

Кечээ, бейшемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Жо Байденге бири-бири менен түз эфирде сүйлөшүүнү сунуштады.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Владимир Путин “Россия 24” телеканалында сүйлөгөн сөзүндө: “Биз азыр бул жөнүндө ойлонуп жатабыз. Акыркы жолу телефон аркылуу сүйлөшүү демилгеси Жо Байден тараптан көтөрүлгөн. Мен президент Байденге сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуш кылам, бирок эфирде эч кандай кечиктирбестен жана түздөн-түз талкуу менен түз жана онлайн режиминде. Менин оюмча, бул орус элине, Америка элине дагы, ал тургай башка өлкөлөргө дагы жагат”, – деп билдирди.
“Мен муну кийинкиге калтырбайм. Бул сүйлөшүүнү эртең же дүйшөмбү күнү ишке ашыруу мүмкүн. Биз Америка тарапка ыңгайлуу болгон учурда ушундай кылууга даярбыз”, – деди Путин.
Ошондой эле ал дүйнөдөгү эң ири өзөктүк державалар болгон Орусия менен АКШ дүйнөнүн стратегиялык коопсуздугу үчүн жооптуу экендигин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү