Бишкекте Нооруз майрамын өткөрүү эмне үчүн токтотулду?

Бишкекте Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди.

Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти деп жазат Knews.kg порталы.
 Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айынан 18-мартына чейин Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандардын саны 2551 түздү. Бүгүнкү күнү бул илдетке кабылгандардын саны 96 бейтапты түзүп, 2 адам каза болгону маалымдалды.
Ошондой эле коронавирустун жаңы түрлөрү (Британия штаммы, Түштүк Африка штаммы) табылуу фактыларын эске алуу менен, коронавирустук инфекциясынан келип чыккан оорулардын жайылышын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык эпидемияга каршы комиссия Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды аймакта өткөрүүдөн баш тартууну чечти.
Ал эми, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо департаменти борбордогу ооруканаларга ОРВИ белгилери менен келип түшкөн арыздардын саны балдар арасында бир жарым эсеге көбөйгөнүн белгилеген.
 Ушуга байланыштуу, райондук акимчиликтин башчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген ишкердик субъекттери тарабынан убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана стандарттардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Комментарий жиберүү