Иран ТИМ жетекчиси Түркияга жөнөп жатат

Мухаммад Жавад Зариф 19-мартта Түркияга расмий иш сапары менен кетти.

 Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын тышкы иштер министри түрк кесиптеши баш болгон түрк расмий адамдары менен жолугушуу үчүн Түркияга жөнөп кетти.
Түркиянын “Анадолу” агенттиги бул тууралуу жазып, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ирандык кесиптешин бүгүн, 19-мартта Анкарада тосуп алаарын билдирди.
Мухаммад Жавад Зарифтин Түркияга сапары учурунда эки тараптуу карым-катнаштарды чыңдоо менен байланышкан маселелер жана аймактагы маанилүү маселелер талкуулана турганы белгиленди.
Айрым маалымат булактары Ирандын түрк тарап менен сүйлөшүүлөрү, коронавирустун жайылышына байланыштуу бир жыл токтоп калган Астана сүйлөшүүлөрүн жандандыруу аракеттери жөнүндө болоорун билдиришкен.
Эске салсак, жакында Башар Асад менен Дамаскта болгон жолугушууда Мухаммад Жавад Зариф, Идлиб аймагындагы кырдаал жана Сириянын Конституциялык комитетинин иш-аракеттери боюнча Астана процесси боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада өткөрүлөрүн айтты.
Астана процесси боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы былтыр декабрда болуп, жаңы айлампа ушул жылдын март айында Иранда өтмөк, бирок коронавирусунун чыгышына байланыштуу болбой калган.

Комментарий жиберүү