Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египеттин Сохаг шаарынын түндүгүндө эки поезд кагышып, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Египеттин мамлекеттик телеканалы маалымдаганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан азыркы тапка чейин 50 адам жаракат алганын билдирди. Өлкөнүн асмий адамдары кырсыктын себептерин азырынча жарыялай элек. Египеттеги эң чоң темир жол кырсыгы 2002-жылы болуп, анда поезд өрттөнүп, 360тан ашуун жүргүнчү каза болгон.

Прочитайте больше

Кимдер коронавируска каршы эмделбеши керек?

Кимдер коронавируска каршы эмделбеши керек?

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова коронавируска каршы кимдер эмделбеши керектигин айтты. “Канында үчтөн ашык антитело бар адамдарга вакцина берилбеши керек”, – дейт ал. Мындан тышкары, саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова 18 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана эмизген аялдар, ошондой эле аллергиясы бар жарандар вакцина албашы керектигин кошумчалады. Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан вакцинанын 150 миң дозасы гуманитардык жүк катары келген. Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат….

Прочитайте больше

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы маселеси 100% чечилди

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы маселеси 100% чечилди

Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин билдирди. Анын айтымында, Орто-Токой суу сактагычынын айрым жеринин эсебинен кыргыз тарапка бир катар тилкелер өттү. “Орто-Токой суу сактагычы кыргыз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү сууну 95% өзбектер колдонот. Анын 800 гектардай жердин 200гө жакын гектары буга чейин бизге компенцация катары берилген. Азыркы күндө 600гө жетпеген гектар жер калган. Анын эсебинен кыргыз тарапка Көк-Серек айылынын 105 гектары, Ала-Бука районундагы…

Прочитайте больше

Түндүк Корея жаңы тактикалык ракеталарын сынады

Түндүк Корея жаңы тактикалык ракеталарын сынады

Түндүк Корея бүгүн, 26-мартта эки жаңы тактикалык ракетаны сынаганын жарыялады, ракеталар бир күн мурун учурулган. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги түндүк кореялык “Rodong Sinmun” расмий басылмасына шилтеме берип кабарлады. Түндүк Кореянын жаңы ракеталары Япон деңизинде 600 чакырымдай учуп өткөн. Басылманын маалыматы боюнча, жаңы ракеталар салмагы 2,5 тоннага чейин бутага таамай тийчү бөлүктү (боеголовка)көтөрүп жүрүүгө жөндөмдүү. Ошол эле учурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ракеталарды сыноого катышпагандыгы  белгиленди. Түндүк Корея Японияны көздөй баллистикалык ракета учурганы жөнүндө буга чейин…

Прочитайте больше

Кытай Британиянын 13 жеке жана юридикалык мекемелерине санкция киргизди

Кытай Британиянын 13 жеке жана юридикалык мекемелерине санкция киргизди

Синьцзяндагы уйгур мусулман азчылыгы жөнүндө Британиянын “жалган билдирүүлөрү жана жалган маалыматтары” үчүн Кытай, британиялык 13 юридикалык мекеме жана жеке адамдарга каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26- марттагы билдирүүсүндө, британиялык төрт мекеме жана тогуз жеке адам, анын ичинде Британиянын мыйзамчылары, Консервативдик партиянын мурдагы лидери Линн Дункан Смит жана Консервативдик партиянын адам укуктары боюнча комитетине: “Калп жана жалган маалыматты кара ниеттик менен жарыялагандыгы” үчүн санкция киргизгенин…

Прочитайте больше