Түндүк Корея жаңы тактикалык ракеталарын сынады

Түндүк Корея бүгүн, 26-мартта эки жаңы тактикалык ракетаны сынаганын жарыялады, ракеталар бир күн мурун учурулган.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги түндүк кореялык “Rodong Sinmun” расмий басылмасына шилтеме берип кабарлады. Түндүк Кореянын жаңы ракеталары Япон деңизинде 600 чакырымдай учуп өткөн. Басылманын маалыматы боюнча, жаңы ракеталар салмагы 2,5 тоннага чейин бутага таамай тийчү бөлүктү (боеголовка)көтөрүп жүрүүгө жөндөмдүү. Ошол эле учурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ракеталарды сыноого катышпагандыгы  белгиленди. Түндүк Корея Японияны көздөй баллистикалык ракета учурганы жөнүндө буга чейин “Reuters” агенттиги маалымдаган.

Япониянын жээк күзөтү Япон деңизиндеги балык кармоочу кемелер үчүн атайын эскертүү берген. Кийинчерээк бул маалыматты Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга тастыктаган. Ал КЭДР мындай эки ракетаны өткөн жылдын 29-мартынан бери биринчи жолу учурганын баса белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, алар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорун бузууда ошондой эле аймактын тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.

Комментарий жиберүү