Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египеттин Сохаг шаарынын түндүгүндө эки поезд кагышып, 50дөй киши жаракат алды.

Бул тууралуу Египеттин мамлекеттик телеканалы маалымдаганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан азыркы тапка чейин 50 адам жаракат алганын билдирди. Өлкөнүн асмий адамдары кырсыктын себептерин азырынча жарыялай элек.

Египеттеги эң чоң темир жол кырсыгы 2002-жылы болуп, анда поезд өрттөнүп, 360тан ашуун жүргүнчү каза болгон.

Комментарий жиберүү