Кытай Британиянын 13 жеке жана юридикалык мекемелерине санкция киргизди

Синьцзяндагы уйгур мусулман азчылыгы жөнүндө Британиянын “жалган билдирүүлөрү жана жалган маалыматтары” үчүн Кытай, британиялык 13 юридикалык мекеме жана жеке адамдарга каршы санкцияларды киргизди.

Бул тууралуу Mehr News агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26- марттагы билдирүүсүндө, британиялык төрт мекеме жана тогуз жеке адам, анын ичинде Британиянын мыйзамчылары, Консервативдик партиянын мурдагы лидери Линн Дункан Смит жана Консервативдик партиянын адам укуктары боюнча комитетине: “Калп жана жалган маалыматты кара ниеттик менен жарыялагандыгы” үчүн санкция киргизгенин кабарлады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тыюу салынган адамдарга жана алардын биринчи даражадагы үй-бүлө мүчөлөрүнө Кытайга кирүүгө тыюу салынганын белгилеп, Кытай жарандарына жана мекемелерине да алар менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынганын кошумчалады.

Эске салсак, Пекиндин бул кадамы АКШ, Европа Бирлиги, Британия жана Канада тарабынан Кытайдын Синьцзян аймагында адам укуктары бузулду деген шылтоо менен жасалган.

Комментарий жиберүү