Амаль Миранова: Кыргызстанда жоолук салынгысы келгендер көбөйдү. Биз региондорго чыга баштадык

Амаль Миранова: Кыргызстанда жоолук салынгысы келгендер көбөйдү. Биз региондорго чыга баштадык

Журналист, коомдук ишмер Амаль Миранова мындан 2 ай мурун Бишкекте “Жоолугум менин сыймыгым аттуу иш-чара өткөргөн. Мындай саамалыкты уюштурууга Амаль айымдын инстаграм баракчасына келген каттар түрткү болгон. Алардын арасында “Аябай жоолук салынгым келет, бирок эрким жетпей жатат. Мусулман эже-сиңдилердин колдоосуна муктажмын. Жоолук салынгым келет, бирок азырынча кийим-кече алууга шартым жок” деген сыяктуу каттар көп эле. Дал ушундай кыздарга арнап Амаль Миранова атайын иш-чара уюштуруп, алгач 23 кыздын жоолук салынуусуна себепкер болгон. Бул саамалык ушуну менен…

Прочитайте больше

Өзбекстан билим алуу үчүн кыргыз жарандарына 100 гранттык орун бөлөт

Өзбекстан билим алуу үчүн кыргыз жарандарына 100 гранттык орун бөлөт

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Улугбек Ташкенбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн негизги темасы Билим берүү документтерин таануу боюнча өкмөттөр аралык келишимди…

Прочитайте больше

Былтыр дүйнө жүзү боюнча 65 журналист өлтүрүлгөн

Былтыр дүйнө жүзү боюнча 65 журналист өлтүрүлгөн

Эл аралык журналисттер федерациясынын маалыматы боюнча, өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча 65 журналист кызмат учурунда каза болгон. Бул тууралуу “ISNA” агенттиги “Associated Press” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Аталган федерациянын маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 17ге көп жана өткөн жүз жылдыктын 90-жылдарынын деңгээлине туура келет. Эл аралык журналисттер федерациясы бул өлтүрүүлөр 16 мамлекетте орун алганын жана ЖМК өкүлдөрү максаттуу чабуулдарда, бомба жарылууларда жана ок атууларда каза болушкан. Эл аралык журналисттер федерациясы статистика жүргүзө баштагандан бери жалпысынан 2680…

Прочитайте больше

БУУ: Дүйнө жүзү боюнча 88 миллиондон ашык адам катуу ачкачылыктан жапа чегишет

БУУ: Дүйнө жүзү боюнча 88 миллиондон ашык адам катуу ачкачылыктан жапа чегишет

Бириккен Улуттар Уюму дүйнө жүзү боюнча 88 миллиондон ашуун адам чыр-чатактардан жана туруксуздуктардын улам катуу ачкачылыктан жапа чегип жаткандыгын эскертти. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Аталган уюм коронавирус пандемиясы учурунда азык-түлүк коопсуздугунун жоктугу дагы көптөгөн өлкөлөргө коркунуч туудуруп, кырдаалды татаалдаштырып жатканын эскертти. БУУнун маалыматына ылайык, 2020-жылдын аягында дүйнө жүзү боюнча 88 миллиондон ашык адам чыр-чатактардан жана туруксуздуктардан улам ачкачылыктан жапа чегип, былтыркы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйгөн. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш дагы уюмдун Коопсуздук Кеңешинин…

Прочитайте больше

Парламентте электромобилдерди ташыган ишкерлерди колдоо маселеси көтөрүлдү

Парламентте электромобилдерди ташыган ишкерлерди колдоо маселеси көтөрүлдү

Депутат Өмүрбек Бакиров: “Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо механизмин иштеп чыгышы зарыл”. Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, шайлоочулардын кайрылуулары айтылды. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында маалымат берилди. Алсак, депутат Шайлообек Атазов олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга керектүү шарттар түзүлбөй жатканына токтолуп: “Спорт тармагы маданият министрлигинин карамагына киргизилди. Мындан ары аталган тармак каралбай калбаш керек” – деди.   Ал эми депутат Улугбек Садиков Өкмөт өкүлүнө кайрылып: “Ош шаарында быйыл газ туруктуу берилген жок….

Прочитайте больше