БУУ: Дүйнө жүзү боюнча 88 миллиондон ашык адам катуу ачкачылыктан жапа чегишет

Бириккен Улуттар Уюму дүйнө жүзү боюнча 88 миллиондон ашуун адам чыр-чатактардан жана туруксуздуктардын улам катуу ачкачылыктан жапа чегип жаткандыгын эскертти.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады.

Аталган уюм коронавирус пандемиясы учурунда азык-түлүк коопсуздугунун жоктугу дагы көптөгөн өлкөлөргө коркунуч туудуруп, кырдаалды татаалдаштырып жатканын эскертти. БУУнун маалыматына ылайык, 2020-жылдын аягында дүйнө жүзү боюнча 88 миллиондон ашык адам чыр-чатактардан жана туруксуздуктардан улам ачкачылыктан жапа чегип, былтыркы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйгөн.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш дагы уюмдун Коопсуздук Кеңешинин видео конференциясында сүйлөгөн сөзүндө, ачарчылык дүйнөдөгү чыр-чатактардан улам келип чыкканын айтты. Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана коронавирус кризиси бул оттун жалынын күчөттү деди. БУУнун Баш катчысы чукул чара көрүлбөсө миллиондогон адамдар ачарчылыкка жана өлүмгө дуушар болушу мүмкүн деп эскертти.

“Чындыгында, 30дан ашуун мамлекетте 30 миллиондон ашуун адамдын ачарчылыкка туш болушуна бир гана кадам калды”, -деп кошумчалады Гутерриш.

Комментарий жиберүү