Парламентте электромобилдерди ташыган ишкерлерди колдоо маселеси көтөрүлдү

Депутат Өмүрбек Бакиров: “Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо механизмин иштеп чыгышы зарыл”.

Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, шайлоочулардын кайрылуулары айтылды. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында маалымат берилди.

Алсак, депутат Шайлообек Атазов олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга керектүү шарттар түзүлбөй жатканына токтолуп: “Спорт тармагы маданият министрлигинин карамагына киргизилди. Мындан ары аталган тармак каралбай калбаш керек” – деди.  

Ал эми депутат Улугбек Садиков Өкмөт өкүлүнө кайрылып: “Ош шаарында быйыл газ туруктуу берилген жок. Баасын арзандата албасак да, туруктуу берилип турушун камсыздашыбыз керек. Өкмөт ушул маселени көзөмөлгө алуусу шарт” – деп кошумчалады. Муну менен катар электромобилдерди Кыргызстанга ташыган ишкерлерди колдоого чакырды.  

Ошондой эле депутат Өмүрбек Бакиров азык-түлүктүн наркынын өсүшү коомчулукта чыңалууну жаратып жатканын белгилеп: “Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо механизмин иштеп чыгышы зарыл. Анткени, Премьер-министр, тиешелүү мекемелер иштебей жатат”, – деди.

Комментарий жиберүү