Кыргызстанда дагы бир эл аралык аэропорт пайда болот

Кыргызстанда дагы бир эл аралык аэропорт пайда болот

Кыргызстанда дагы бир эл аралык аэропорт пайда болот, – деп билдирет “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, “Манас” ААКнын жетекчилиги Кыргызстандын эл аралык жана аймактык аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жаңы өнөктөштөрдү жана инвестицияларды тартуу менен жигердүү иш алып барууда. Бул багытта алгачкы ийгиликтүү сүйлөшүүлөр “Манас” эл аралык аэропорту ”ААК менен Жалал-Абад облусундагы алтын кенин иштетип жаткан “Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКнын акционерлеринин ортосунда жүргүзүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында түркиялык инвесторлор тарабынан “Кербен” аймактык аэропортун реконструкциялоо жана…

Прочитайте больше

Лавров: «Европа Биримдиги Орусия менен мамилени бузду»

Лавров: «Европа Биримдиги Орусия менен мамилени бузду»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа Биримдиги Москвага каршы бир тараптуу чараларды көрүү менен Орусия менен болгон мамилелердин бардык инфраструктурасын талкалаганын баса белгиледи. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Лавров бүгүн, 23-мартта өзүнүн кытайлык кесиптеши Ван И менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Европанын Москвага каршы бир тараптуу аракеттерин сынга алып, Европа Биримдигинин бир тараптуу иш-аракеттеринин натыйжасында Орусиянын ЕБ менен болгон мамилелеринин бардык инфраструктурасы талкалангандыгын, ошондуктан учурда Москва ЕБ менен уюм катары эч кандай мамилеси жок экендигин баса белгиледи. ТАСС агенттиги…

Прочитайте больше

Күйүүчү майдын кымбатташы: Орусиянын өзүндөгү кризис коркунучу

Күйүүчү майдын кымбатташы: Орусиянын өзүндөгү кризис коркунучу

Орусияда күйүүчү майга болгон баалар кайрадан көтөрүлдү. 2021-жылдын башынан бери бензин менен дизелдин баасы 2-3% өстү. Бензиндин кымбатташы күйүүчү май кризисине алып келип, анын кесепетинен социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн деп эскертти Эсеп палатасы. Кремль кырдаал көзөмөлдө экенин айтууда. Бааны түшүрүү үчүн бийлик бюджеттен кошумча каражат бөлмөк болду. Орусиянын энергетика министрлиги күйүүчү майга болгон баанын кымбатташын керектөөнүн өскөнү менен түшүндүрүүдө. Баа көтөрүлгөн учур 2020-жылдын жайында болду. Анда расмийлер муну локдаундун бүтүшү менен түшүндүргөн. Көп өтпөй баалар…

Прочитайте больше

АКШдагы кандуу күн: Колорадодо 10 адам атып өлтүрүлдү

АКШдагы кандуу күн: Колорадодо 10 адам атып өлтүрүлдү

Кечээ, 22-мартта АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарында супермаркетте жай тургундарга ок атылып, кеминде 10 адам, анын ичинде полиция кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Боулдер шаарынын жергиликтүү полиция жетекчиси Марис Херольд билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады. “Associated Press” агенттиги маалымдагандай, шектүү адам жаракат алып, камакка алынды. Боулдер полиция бөлүмүнүн командири Керри Ямагучи “King Soopers” супермаркетиндеги ок атуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын жана бул окуянын себептери аныкталып жатканын билдирди.

Прочитайте больше

Дүйнө 2030-жылга чейин суу тартыштыгына туш болот

Дүйнө 2030-жылга чейин суу тартыштыгына туш болот

ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле адамзат 2030-жылга чейин 40% суу жетишсиздигине туш болот деп билдирди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Анын айтымында, кырдаал ар кандай глобалдык көйгөйлөрдөн, анын ичинде эпидемиянын кесепеттеринен улам начарлайт. Азуле дүйнөдө суу ресурстарын үнөмдөө боюнча жетиштүү аракеттер көрүлбөй жаткандыгын жана алардын баалуулугун туура баалоо боюнча курч маселе турат деп белгиледи. Изилдөөчүлөр 160 мамлекетте жайгашкан 43000 метеостанциялардын жана 5300 дарыялардын агымын көзөмөлдөөчү жайлардын маалыматтарын карап чыгышкан. Анын жыйынтыгы климаттык өзгөрүүлөр нөшөрлүү жаан-чачындын жаашына алып келгенине карабастан,…

Прочитайте больше