Күйүүчү майдын кымбатташы: Орусиянын өзүндөгү кризис коркунучу

Орусияда күйүүчү майга болгон баалар кайрадан көтөрүлдү.

2021-жылдын башынан бери бензин менен дизелдин баасы 2-3% өстү. Бензиндин кымбатташы күйүүчү май кризисине алып келип, анын кесепетинен социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн деп эскертти Эсеп палатасы. Кремль кырдаал көзөмөлдө экенин айтууда. Бааны түшүрүү үчүн бийлик бюджеттен кошумча каражат бөлмөк болду.

Орусиянын энергетика министрлиги күйүүчү майга болгон баанын кымбатташын керектөөнүн өскөнү менен түшүндүрүүдө. Баа көтөрүлгөн учур 2020-жылдын жайында болду. Анда расмийлер муну локдаундун бүтүшү менен түшүндүргөн. Көп өтпөй баалар турукташып калган эле.

Кайрадан кымбаттоолор өткөн жылдын соңунда башталды. Өлкөнүн ичинде таңкыстык жаралгандан баа көтөрүлдү деп айтылган. Анткени күйүүчү майды сыртка сатканда көбүрөөк пайда түшүп жатканын “Петромаркет” иликтөө тобу жазып чыккан. Келишим боюнча мындай учурда өкмөт мунай өндүрүүчүлөргө бюджеттен кенемте төлөп бериши керек. Бирок 2021-жылы январда мунун баары тескерисинче болду, мунай өндүрүүчүлөр бюджетке каражат төгүштү деп жазат “Коммерсант”. Буга чейин иштеп келген механизм бир нече себептерге байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Коронавирус пандемиясынан улам базардын өзгөрүшү сыяктуу бир нече себептери бар.

Өлкөнүн ички базарына сатканга караганда экспорт пайдалуу болуп калганы тууралуу январь соңунда “Рейтер” агенттиги ысымын атабаган мунай компанияларынын биринин өкүлүнө шилтеме берип жазып чыккан эле. Мунай өндүрүүчүлөр жоготуулардын ордун толтуруунун формуласын (демпфер) өзгөртүүнү сунуштап, бирок өкмөт буга макул болгон жок деп жазган аталган агенттик.

Жыйынтыгында өкмөт баары бир формуланы өзгөртүүнү чечти.

“Биз азыркы макроэкономикалык абалда, учурдагы акчанын курсу, ошондой эле дүйнөлүк базардагы мунайга болгон баанын өсүшүнүн шартында бул механизм [кенемте] анча-мынча өзгөртүүлөргө муктаж экенин көрүп турабыз. Өкмөттө бул маселе иштелип чыкты”,-деди Орусиянын энергетика министри Александр Новак.

Жаңы формула 1-майдан тарта иштеп баштайт. Мунай өндүргөн компанияларга төлөнө турган кенемте көбөйөт.

Баалардын кымбатташы күйүүчү майды толугу менен Орусиядан импорттогон Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдү өтө кыйын абалга кептеди. Кыргызстанда жумушу бар эсептелгендердин 20 пайыздайы дыйканчылык менен алектенет. Жазгы талаа жумуштары башталаар алдында баалар кескин өсүп кетти. Ага кошул-ташыл болуп азык-түлүккө баалар дагы өсүүдө. Муну расмийлер импортко көз карандылыктан улам деп түшүндүрүп келүүдө.

Ал ортодо Тажикстанда күйүүчү май 67 сомго чейин чыгып, таңкыстык жаралганын айрым баысламалар жазып чыкты. Кыргызстан дагы таңкыстык жаралбаш үчүн аткезчиликти токтотуш керек деген пикирлер айтылууда. Анткени Баткен облусу аркылуу коңшулаш Тажикстанга күйүүчү май аткезчилик менен өтүп жүргөнү көп жылдан бери айтылып келүүдө.

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-56439812

Комментарий жиберүү