АКШдагы кандуу күн: Колорадодо 10 адам атып өлтүрүлдү

Кечээ, 22-мартта АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарында супермаркетте жай тургундарга ок атылып, кеминде 10 адам, анын ичинде полиция кызматкери каза тапты.

Бул тууралуу Боулдер шаарынын жергиликтүү полиция жетекчиси Марис Херольд билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады.

“Associated Press” агенттиги маалымдагандай, шектүү адам жаракат алып, камакка алынды.

Боулдер полиция бөлүмүнүн командири Керри Ямагучи “King Soopers” супермаркетиндеги ок атуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын жана бул окуянын себептери аныкталып жатканын билдирди.

Комментарий жиберүү