Дүйнө 2030-жылга чейин суу тартыштыгына туш болот

ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле адамзат 2030-жылга чейин 40% суу жетишсиздигине туш болот деп билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Анын айтымында, кырдаал ар кандай глобалдык көйгөйлөрдөн, анын ичинде эпидемиянын кесепеттеринен улам начарлайт. Азуле дүйнөдө суу ресурстарын үнөмдөө боюнча жетиштүү аракеттер көрүлбөй жаткандыгын жана алардын баалуулугун туура баалоо боюнча курч маселе турат деп белгиледи.

Изилдөөчүлөр 160 мамлекетте жайгашкан 43000 метеостанциялардын жана 5300 дарыялардын агымын көзөмөлдөөчү жайлардын маалыматтарын карап чыгышкан. Анын жыйынтыгы климаттык өзгөрүүлөр нөшөрлүү жаан-чачындын жаашына алып келгенине карабастан, ири дарыяларда суунун көлөмү азайып жатканын жана ал кургакчылыкка алып келиши мүмкүн экенин көрсөттү.

Адистер бул карама-каршылыкты топурактын кургашы менен түшүндүрүшөт. Кургак топурактар дарыяларда нымдуулукту (жаан-чачындын 36%ын) төмөндөтөт, ал эми кургак топурак жаан суусун көбүрөөк сиңирип, агын сууну азайтат. Температуранын жогорулашынан топурак нымдуулукту жоготот. Бул дүйнө жүзүндөгү шаарларды жана дыйкан чарбаларын суу менен камсыз кылууга коркунуч келтирет. Жаан-чачындын көп болушу шаарларда суу каптоого алып келет, ошондуктан таза суунун кору натыйжалуу түрдө толукталбай жатат.

Комментарий жиберүү