Лавров: «Европа Биримдиги Орусия менен мамилени бузду»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа Биримдиги Москвага каршы бир тараптуу чараларды көрүү менен Орусия менен болгон мамилелердин бардык инфраструктурасын талкалаганын баса белгиледи.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Лавров бүгүн, 23-мартта өзүнүн кытайлык кесиптеши Ван И менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Европанын Москвага каршы бир тараптуу аракеттерин сынга алып, Европа Биримдигинин бир тараптуу иш-аракеттеринин натыйжасында Орусиянын ЕБ менен болгон мамилелеринин бардык инфраструктурасы талкалангандыгын, ошондуктан учурда Москва ЕБ менен уюм катары эч кандай мамилеси жок экендигин баса белгиледи.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, Лавров эгер Брюссель Орусия менен байланыштагы бул аномалияны жоюуну кааласа, анда Москва дагы ЕБ менен мамилелерди өнүктүрүүгө ар дайым даяр болорун, бирок алар теңчиликтин жана өз ара урматтоонун негизинде курулушу керек деди.

“Азыркы учурда  батыш фронтто эч кандай өзгөрүү жок, менин оюмча, чыгышта бизде күн өткөн сайын ар тараптуу болуп келе жаткан абдан интенсивдүү күн тартиби бар”, – деди Лавров. Орусиянын ТИМ башчысы ошондой эле Батыштын бир тараптуу санкцияларын кабыл алынгыс деп атады. “АКШ, Европа жана жалпы эле Батыш дүйнөлүк тартипти бузуу үчүн өз мыйзамдарын башкаларга таңуулоо үчүн чараларды көрүп жатышат”,- деп белгиледи ал.

Лавров Батыштын коркунучтарына каршы Кытай менен Орусиянын кызматташтыгына басым жасап, “Орусия менен Кытай мамилелерин достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн коркунучунан коргоо үчүн бардык чараларды көрүп жатышат”,- деп билдирди. Февраль айынын башында Лавров Европа Биримдиги жаңы санкцияларды киргизсе, Орусия аны менен мамилесин үзүшү мүмкүн деп билдирген. Лавров Кытайга иш сапары менен кечээ, 22-мартта келип, кесиптеши Ван И менен жолугушкан. Тараптар өзөктүк келишим, Ооганстандагы жана Мьянмадагы кырдаалды талкуулашкан.

Комментарий жиберүү