Былтыр дүйнө жүзү боюнча 65 журналист өлтүрүлгөн

Эл аралык журналисттер федерациясынын маалыматы боюнча, өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча 65 журналист кызмат учурунда каза болгон.

Бул тууралуу “ISNA” агенттиги “Associated Press” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Аталган федерациянын маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 17ге көп жана өткөн жүз жылдыктын 90-жылдарынын деңгээлине туура келет. Эл аралык журналисттер федерациясы бул өлтүрүүлөр 16 мамлекетте орун алганын жана ЖМК өкүлдөрү максаттуу чабуулдарда, бомба жарылууларда жана ок атууларда каза болушкан.

Эл аралык журналисттер федерациясы статистика жүргүзө баштагандан бери жалпысынан 2680 журналист өлтүрүлгөн. Федерациянын баш катчысы Энтони Белланже Мексикада баңги картелдер, Пакистан, Ооганстан жана Сомали, Индия жана Филиппиндеги экстремисттер журналисттерге кол салып жатышканын айтты.

Акыркы беш жылда ЖМК өкүлдөрү эң көп өлтүрүлгөн өлкөлөрдүн арасында төртүнчү жолу Мексика алдыңкы орунга чыгууда. Ал жерде 14 журналист өлтүрүлгөн. Андан кийинки орундарда Ооганстан (10), Пакистан (9), Индия (8), Филиппин (4), Сирия (4), Нигерия (3) жана Йемен (3) турат.

Мындан тышкары,  журналисттер Ирак, Сомали, Бангладеш, Камерун, Гондурас, Парагвай, Орусия жана Швецияда да өлтүрүлгөн. Федерация ошондой эле ушул жылдын март айына карата дүйнө жүзү боюнча түрмөлөрдө кеминде 229 журналист отурарын маалымдады. Түркия дүйнөдөгү журналисттердин эң ири туткуну болуп саналат, бул өлкөдө кеминде 67 медиа мүчөсү камакта отурат. Андан кийинки орунда Кытай, Египет, Эритрея жана Сауд Аравия турат.

Комментарий жиберүү