Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат

Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март жекшемби күнүнө туура келгендиктен, эс алуу күнү 22-мартка жылдырылат. Мындан улам кыргызстандыктар 20, 21 жана 22-март күндөрү эс алышат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 21-мартта Нооруз майрамы белгиленет.

Комментарий жиберүү