Дүйнө калкынын 10%ында гана COVID-19га каршы иммунитет бар

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы илимий кызматкери Сумья Сваминатан жер шарындагы калктын 10 пайыздан азыраагында гана коронавируска каршы иммунитет бар экенин билдирди.

Бул тууралуу “ir.Sputnik” агенттиги жазды. “ДССУ сероэпидемиологиялык изилдөөлөргө байкоо жүргүзөт – акыркы эсеп боюнча, мындай 500гө жакын изилдөөлөр болгон. Эгер бардык маалыматтарды кошсок, анда дүйнө калкынын 10%дан азыраагында гана коронавируска каршы иммунитет бар”, – деди Сваминатан.

Ал ДССУнун  Твиттердеги баракчасына жарыяланган маегинде, уюм дүйнөнүн айрым шаарларындагы ооруунун очогу чыккан жерлерде аналитикалык изилдөө жүргүзүп  жаткандыгын айтып, бирок изилдөөлөрдүн жыйынтыгы кээ бир шаар тургундарынын жарымынан көбүндө коронавируска каршы иммунитет  пайда болгондугун көрсөткөнү менен жамааттык иммунитетке ээ болгондугу тууралуу сөз кылууга али эрте экенин билдирди.

Буга чейин “France 24” каналы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруу учурларынын саны 16 пайызга азайганын билдиргенин маалымдаган. Бирок ага карабастан, ДССУ кризис али бүтө электигин, андыктан өлкөлөр чектөө жана эмдөө иштерин уланта бериши керектигин баса белгилеген.

Комментарий жиберүү