БЧБнын (ЦРУ) мурдагы башчысы: Вашингтон Мухаммад бен Салмандын АКШга кирүүсүнө тыюу салышы керек

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Жон Бреннан Вашингтон Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын кылмыштарына көз жумбашы керектигин баса белгилеп, анын АКШга кирүүсүнө тыюу салууга чакырды.

Бул тууралуу “Mahr News” агенттиги “Daily Mail” басылмасына шилтеме берип кабарлады. 2013-жылдан 2017-жылга чейин БЧБны жетектеген Жон Бреннан америкалык MSNBC телеканалына берген маегинде АКШнын президенти Жо Байден Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын кылмыштарына көз жумбашы керек деди. Ал Салмандын саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүү аракетин кескин сынга алып, Вашингтонду саудиялык мураскер ханзааданы АКШга кирүүсүнө тыюу салууга үндөдү.

Мындан тышкары, АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин төрагасы Адам Шифф АКШнын чалгын кызматынын саудиялык журналисттин өлүмү боюнча жарыялаган баяндамага комментарий берип, бул баяндама акыры мыйзамга ылайык жарыяланып гана тим болбостон, ошондой эле ачык-айкын болгондугуна абдан кубангандыгын билдирип, бирок эми АКШнын расмий өкүлдөрүнүн бири дагы Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы менен жолукпашы керектигин баса белгиледи.

Ал ошондой эле Байден бен Салман менен сүйлөшпөшү керектигин, бен Салмандын саудиялык инвестициялык фондундагы  айрым активдерин тоңдурууга аракет кылуу керектигин айтты. Буга чейин АКШнын чалгындоо кызматы саудиялык журналист Жамал Хашоггини камакка алуу же өлтүрүү буйругун Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салман өзү бергени тууралуу баяндамада жарыялаган. Бул баяндамада Хашоггини өлтүрүү  Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын түздөн-түз буйругу менен жасалгандыгы көрсөтүлгөн.

“Биздин баамыбыз боюнча Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салман саудиялык журналист Жамал Хашоггини камакка алуу же өлтүрүү боюнча Түркиянын Стамбул шаарында операция жүргүзүүгө уруксат берген. Биздин баамыбыз бен Салмандын 2017-жылдан бери Сауд Аравияда чечим кабыл алууну толугу менен көзөмөлдөп тургандыгына негизделген”, – деп айтылган АКШнын чалгындоо кызматы жарыялаган баяндамада. Чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, мураскор ханзаада журналистти падышалыкка түздөн-түз коркунуч катары баалап, анын оозун жабуу үчүн күч колдонуу чараларын колдогон. Баяндаманын бир бөлүгүндө Хашоггинин өлүмүнө катыштыгы бар бир катар адамдардын аты аталган.

Комментарий жиберүү