Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды

Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө, алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Бул жолу беш чөлкөмдүк топ 17 талапкер көрсөткөн. Азия жана Тынч океаны чөлкөмүнөн төрт орун үчүн алты мамлекет Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив, Корея Республикасы ат салышты. Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йоркто Башкы ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын талапкерлигин колдоого үндөгөн. Адам укуктарын, эркиндигин коргоону жана демократиялык өнүгүүнү илгерилетүү үчүн глобалык алкакта иш жүргүзгөн кеңештин мүчөлөрү үч…

Прочитайте больше

Нигерияда кайык кырсыкка учурап, 76адам каза болду

Нигерияда кайык кырсыкка учурап, 76адам каза болду

 Нигериянын Анамбра штатынын Огбару аймагында кайык кырсыкка учурап, 76 адам каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн президенттик кеңсеси билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, ишемби күнү эртең менен болгон кырсыкка суу ташкыны себеп болгон. Оодарылып кеткен моторлуу кайыкта жалпы 85 жүргүнчү болгон. Тез жардам кызматы тогуз адам куткарылганын, 76 адамдын каза болгонун тастыктады. Нигериянын президенти Мухаммад Бухари окуяга байланыштуу көңүл айтты. Буга чейин Vanguard жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар агенттигине шилтеме берүү менен Анамбра штатында кайык оодарылып,…

Прочитайте больше

Алиев: Азербайжан Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Алиев: Азербайжан Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

 Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйынын тар курамда өткөрүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык «стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине жеткенин канааттануу менен белгиледи. Ал эки өлкөнүн парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана тармактык ведомстволорунун активдүү өз ара аракеттенүүсүнө алып келген динамикалуу түрдө чыңдалып жана кеңейип жаткан байланыштарды канааттануу менен белгиледи. Жапаров бул…

Прочитайте больше