Иран лидери өлкөдөгү баш аламандыктардын артында ким турганын айтты

Иран лидери өлкөдөгү баш аламандыктардын артында ким турганын айтты

  Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдө эки жумадан ашык убакыттан бери уланып жаткан масштабдуу нааразылык акциялары боюнча биринчи жолу комментарий берди. Ал өлкөдөгү башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди күнөөлөдү. Хаменеи  башаламандык жаратып, Куранга, мечитке, хижабка, банкка, элдин унааларына  кол салуулар алдын ала пландалганын билдирди. Хаменеи Тегеранда студенттердин тобу – келечектеги полициячылар менен жолугушуу учурунда өлкөдөгү башаламандыктар менен толкундоолорду Америка, сионисттик режим жана алардын тыңчылары чет өлкөдө жүргөн бир нече саткын ирандыктардын жардамы менен жасаганы…

Прочитайте больше

Путин Запорожье АЭСин Россиянын менчигине өткөрүү жарлыгына кол койду

Путин Запорожье АЭСин Россиянын менчигине өткөрүү жарлыгына кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин өкмөттү Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) объектилерди федералдык менчикке алууга милдеттендирген жарлыкка кол койду. Алты энергоблогу бар бул атомдук электр станция Европадагы ири АЭС болуп эсептелет. Ал Украинанын Россия көзөмөлгө алган Запорожье облусунун Энергодар шаарында жайгашкан. Путин 5-октябрда Украинанын төрт аймагын, анын ичинде Запорожье облусун да аннексиялоо тууралуу конституциялык мыйзамдарга кол койгон. Путиндин жарлыгына ылайык, “Запорожье АЭСи” деп аталган мамлекеттик ишкана түзүлүп, ага станциянын бардык мүлкү өткөрүлүшү керек. Аны иштетүү менен “Запорожье АЭСин…

Прочитайте больше

Мобилизация башталгандан бери Россиядан 700миң киши чыгып кетти

Мобилизация башталгандан бери Россиядан 700миң киши чыгып кетти

 ПрезидентВладимир Путин аскердик мобилизация жарыялагандан кийинки эки жума аралыгында Россиядан 700 миңдей киши чыгып кетти. Бул тууралуу Forbes журналы Россия президентинин администрациясындагы өз булагына таянуу менен билдирди. Кремлдеги маалыматтар менен тааныш булак мобилизация башталгандан бери өлкөдөн 1 млн киши чыгып кеткенин кабарлаган. Бирок администрациядагы башка бир булак кеп 600-700 миң россиялык жөнүндө болуп жатканын айткан. Ошол эле маалда алардын канчасы туризм максатында чыкканын аныктоо кыйын экенин белгилеген. Буга чейин Казакстандын ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө…

Прочитайте больше

Зеленский Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартуу боюнча буйрукка кол койду

Зеленский Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартуу боюнча буйрукка кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда коопсуздук жана коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимди ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Документте Россиянын азыркы президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эместиги айтылат. Чечим Россиянын украин аймактарын аннексиялап алуусуна байланыштуу кабыл алынган. Зеленскийдин буйругу кечээ, 4-октябрда жарыяланды. Буга чейин Зеленский сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү чакырып келген, бирок Россиянын курамына жаңы аймактарды киргизүү боюнча келишимдерге кол койгондон кийин, ал эми сүйлөшүүлөрдү “Россиянын башка президенти менен жүргүзө турганын” баса белгилеген. Кремль Киевдин…

Прочитайте больше