Зеленский Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартуу боюнча буйрукка кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда коопсуздук жана коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимди ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.

Документте Россиянын азыркы президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эместиги айтылат. Чечим Россиянын украин аймактарын аннексиялап алуусуна байланыштуу кабыл алынган.

Зеленскийдин буйругу кечээ, 4-октябрда жарыяланды.

Буга чейин Зеленский сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү чакырып келген, бирок Россиянын курамына жаңы аймактарды киргизүү боюнча келишимдерге кол койгондон кийин, ал эми сүйлөшүүлөрдү “Россиянын башка президенти менен жүргүзө турганын” баса белгилеген.

Кремль Киевдин Москва менен диалогдон баш тартуусуна эмне деди?

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин президентинин чечими тууралуу комментарий берип, “Азыркы мамлекет башчынын позициясындагы өзгөрүүлөрдү же украин элинин кызыкчылыгы үчүн өз позициясын өзгөртүүгө даяр Украинанын эмки президентин күтөбүз”, – деп билдирди.

30-сентябрда Зеленский Украина НАТОго тездетилген тартипте кошулуу арызын тапшырганын билдирген. Ошондой эле Киев Россиянын башында Путин турган кезде эч кандай сүйлөшүүлөргө барбасын белгилеген. Анын алдында орус президенти Украинанын төрт аймагынын аннексиясын жарыялаган.

Буга чейин Путин Москва Киев менен сүйлөшүүгө даяр деп бир нече ирет билдирген.

Путин Кремлде ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарын Россияга кошуу боюнча келишимдерге кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө да Киев бийлигин дагы бир жолу сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырга

Комментарий жиберүү