Мобилизация башталгандан бери Россиядан 700миң киши чыгып кетти

 ПрезидентВладимир Путин аскердик мобилизация жарыялагандан кийинки эки жума аралыгында Россиядан 700 миңдей киши чыгып кетти.

Бул тууралуу Forbes журналы Россия президентинин администрациясындагы өз булагына таянуу менен билдирди.

Кремлдеги маалыматтар менен тааныш булак мобилизация башталгандан бери өлкөдөн 1 млн киши чыгып кеткенин кабарлаган. Бирок администрациядагы башка бир булак кеп 600-700 миң россиялык жөнүндө болуп жатканын айткан. Ошол эле маалда алардын канчасы туризм максатында чыкканын аныктоо кыйын экенин белгилеген.

Буга чейин Казакстандын ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө 200 миңдей россиялык киргенин, алардын 147 миңи Казакстандан кайра чыгып кетүүгө үлгүргөнүн маалымдаган.

Комментарий жиберүү