“Түндүк агым” куурларынан газдын агып чыгышы токтоду

“Түндүк агым” куурларынан газдын агып чыгышы токтоду

Балтика деңизиндеги “Түндүк агым-1” жана “Түндүк агым-2” куурларынан газдын агып чыгышы токтогонун Даниянын Энергетика агенттиги билдирди. “Nord Stream 2 AG компаниясы Даниянын Энергетика агенттигине учурда куурдун ичинде туруктуу басым пайда болгонун кабарлады,” – деп жазылат билдирүүдө. Орусиянын “Газпром” компаниясынын маалыматына ылайык, жарылган куурлардын ичинде 800 миллион куб метр газ болгон. Мындай көлөмдү Дания үч айда керектейт. БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы бул тарыхтагы метан газынын эң ири көлөмдө сыртка чыккан учуру экенин билдирди. Канаданын GHGSat уюмунун…

Прочитайте больше

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты. Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды. “Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет”, – деп жазылган маалыматта.

Прочитайте больше

Индонезия: стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жетти

Индонезия: стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жетти

Индонезияда Ява аралындагы футболдук беттеш учурунда чыккан башаламандыкта бери дегенде 174 киши каза болгонун жергиликтүү полиция билдирди. Дагы 11 кишинин жарааты оор экени айтылды. Түрдүү жараат алгандардын айрымдары ооруканада. Буга чейин 180 киши жараат алганы кабарланган. Индонезиянын Arema жана Persebaya Surabaya футбол командаларынын беттеши 1-октябрда Маланг шаарындагы Канжурухан стадионунда өткөн. Arema 2:3 эсебинде утулганына нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыккан жана тыгында көбү тебеленип калган. Полициянын тополоңду токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгону…

Прочитайте больше