Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты. Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

“Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет”, – деп жазылган маалыматта.

Комментарий жиберүү