КЭРдин мурдагы төрагасы Цзян Цзэмин көз жумду

КЭРдин мурдагы төрагасы Цзян Цзэмин көз жумду

Кытайдын мурдагы төрагасы Цзян Цзэмин 96 жашында каза болду.Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын борбордук телеканалына таянып жазышты. Цзян Цзэмин 1993-2003-жылдары Кытай мамлекетин башкарган. “Синьхуа” агенттигинин маалыматына караганда, ал бүгүн, 30-ноябрда Шанхайда каза болгон. Анын өлүмүнө лейкемия жана көп органдын иштебей калышы себеп болгону айтылды. Цзян Цзэмин 1926-жылы 17-августта Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында туулган. 1946-жылы КЭР түзүлгөнгө чейин Кытайдын Коммунисттик партиясына мүчө болгон. 1947-жылы Шанхай Цзяотоң университетинин электр машиналары факультетин инженер-электрик адистиги боюнча бүтүргөн. Ал машина куруу министерствосунун системасында 30…

Прочитайте больше

Катар-2022: Кайсы командалар плей-оффко чыгып, кимиси үйлөрүнө кайтты

Катар-2022: Кайсы командалар плей-оффко чыгып, кимиси үйлөрүнө кайтты

 Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында плей-офф баскычына чыккан жана үйлөрүнө кайткан командалар аныкталууда. Кечээ, 29-ноябрда Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында 3-турдун алгачкы төрт беттеши орун алды. А жана В тайпаларынын бул беттештеринен кийин 1/8 финалына кимдер чыкканы ошондой эле кайсы командалар үйлөрүнө кайтканы аныкталды. Кечээки беттештеде А тайпасынан плей-офф баскычына Нидерланды менен Сенегал курамалары чыкты. Нидерланддар Катарга каршы ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетип, турнирдик таблицада 1-орунга чыкты. Голду Коди Гакпо киргизди. Кийинки чечүүчү оюнда Сенегал…

Прочитайте больше

Президент Кемпир-Абад тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Кемпир-Абад тууралуу мыйзамга кол койду

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган. Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоону сунуштайт. Макулдашуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге ылайык даярдалды. Макулдашуунун максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия менен башкаруу. Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 29-ноябрда  Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-иран кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү алакаларды арттыруу тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү жаатында эки тараптуу иш сапарларды активдештирүү…

Прочитайте больше

Россияда митингдерди таркатуучу дрондор чыгарылат

Россияда митингдерди таркатуучу дрондор чыгарылат

 Россиялык окумуштуулар 2023-жылдын башында массалык өндүрүшкө чыга турган “Шершень” деп аталган гексакоптер ойлоп табышты, деп билдирет Ferra.ru маалымат агенттиги. Маалыматта айтылгандай, уникалдуу аппарат Эсептөө комплекстерин изилдөө институтунун (НИИВК) адистери тарабынан жасалган. Дрон “ультраүн жана инфраүндүн жардамы менен мыйзамсыз массалык акцияларды, башаламандыктарды кууп, таркатуу” үчүн иштелип чыккан. Мындан тышкары,  ал учкучсуз учуучу аппараттарды радиолокациялык жол менен басуу, мунай жана газ түтүктөрүнүн абалын көзөмөлдөө, ошондой эле экологиялык мониторинг жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулушу мүмкүн. Аталган институттун…

Прочитайте больше

Президент бир катар элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент бир катар элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды

 Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, Индия Республикасынын, Европа Биримдигинин жана Япониянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Индия Республикасынын элчиси Арун Кумар Чаттержи, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон жана Япониянын элчиси Хидеки Года тапшырышты. Салтанаттын башында чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын ардактуу кароол ротасы тосуп алды. Президент Садыр Жапаров элчилердин ар бири менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу мамилелердин ар кыл  маселелерин талкуулады. Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана…

Прочитайте больше

Россия АКШнын биологиялык агрессиясына каршы чара көрүүгө чакырды

Россия АКШнын биологиялык агрессиясына каршы чара көрүүгө чакырды

 Америкалык лабораторияларда иштелип чыккан коронавирустун өлүмгө алып келген штаммынын варианты АКШнын геосаясий атаандаштарына багытталган. Ошондуктан Россия Вашингтондун биологиялык агрессиясына каршы тез арада чара көрүшү керек. Бул тууралуу РФ парламентинин Жогорку палатасынын Коргоо комитетинин башчысы Виктор Бондарев билдиргенин РИА Новости жазды. “Бостондук окумуштуулар тарабынан 80% өлүмгө алып келген коронавирустун жаңы штаммынын иштелип чыккандыгы тууралуу жаңылык таң калыштуу болгон жок. Америка Кошмо Штаттары көптөн бери биологиялык куралды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенип келет. Мындан тышкары, алардын зыяндуу…

Прочитайте больше

«Bayraktar kızılelma» : Түркия биринчи учкучсуз учуучу согуштук учактарды чыгара баштайт

«Bayraktar kızılelma» : Түркия биринчи учкучсуз учуучу согуштук учактарды чыгара баштайт

  Түркия “Bayraktar kızılelma” деп аталган учкучсуз учуучу согуштук учактарды  2023-жылдын аягына чейин чыгара баштайт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. «Атамекендик “Kızılelma” учкучсуз учуучу учагынын сериялык өндүрүшү 2023-жылдын аягында башталат», — деп билдирген түрк лидеринин сөзүн Anadolu маалымат агенттиги келтирди. “Bayraktar kızılelma” — реактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган аппарат Түркияда биринчи жолу ушул жылдын август айында Самсун шаарында “Teknofest Karadeniz” аэрокосмостук фестивалынын алкагында көрсөтүлгөн. Аппараттын өзгөчөлүктөрүнүн бири – кыска учуу тилкеси бар кемелерден, анын…

Прочитайте больше

К. Мурзахалилов: Диний-экстремисттик топтордун Борбор Азияга коркунучу токтой элек

К. Мурзахалилов: Диний-экстремисттик топтордун Борбор Азияга коркунучу токтой элек

– Канатбек мырза, бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү диний-экстремисттик топтордун коркунучу кандай деңгээлде? – Учурда Борбор Азия чөлкөмүндө диний кырдаал, ошол эле экстремисттик уюдардын ишмердүүлүгүнө байланышкан абал бир кылка стабилдүү болуп турат. Менимче орус-украин кагылышуусунан улам көпчүлүк учурда диний-экстремисттик топтордун жана алардын жалданма согушкерлеринин көңүлү бул чыр-чаттака бурулууда. Дүйнө коомчулугунун кызыгуусу деле Афганистанда эки жылдан бери бийлик жүргүзүп аткан “Талибан” кыймылынына эмес, дал ушул орус-украин чатагына бурулуп жатат. Бирок радикализм коркунучун, ар түрдүү террордук топтордун…

Прочитайте больше

Иран парламенти өлкөнүн ШКУга киришин жактырды

Иран парламенти өлкөнүн ШКУга киришин жактырды

Бул тууралуу иран ЖМКлары жазды. “Бүгүн, жекшембиде өткөн парламенттин жыйынында депутаттар Ислам Республикасынын ШКУга кошулуусу боюнча мыйзам долбоорунун мазмунуна макул болушту”, — деп айтылат маалыматта. Мыйзам долбоорун кабыл алууга 205 депутат добуш берди. Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комиссиясынын өкүлү Аболфазл Амуи ШКУнун эл аралык мааниси чоң экенин белгиледи. Ал Россия менен Кытай катышкан бул уюмду эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алмашуулардын көлөмүнөн улам маанилүү аймактык уюмдардын бири деп эсептейт. Анын пикиринде, Ирандын ШКУга…

Прочитайте больше

Кытайда коронавирустук чектөөлөргө каршы болгондор массалык демонстрацияга чыгышты

Кытайда коронавирустук чектөөлөргө каршы болгондор массалык демонстрацияга чыгышты

Массалык нааразычылык акциялары Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы Үрүмчү шаарында турак үйдө чыккан өрттөн он адам каза болуп, тогуз киши жаракат алгандан кийин башталды. Бул турак үйдүн жашоочулары COVID-19 эпидемиясынан улам карантинге алынган.  Үрүмчү шаары үч айдан бери карантинде, анда төрт миллиондой адам жашайт. Катаал чектөөлөрдөн улам шаар тургундары жүз күндөн ашуун убакыттан бери үйүнөн чыга албай жатышат. 24-ноябрда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкканда, эшиги сырттан бек тургандыктан, тургундар сыртка качып чыга албай калганы айтылууда. Үрүмчү шаар бийлиги бул…

Прочитайте больше

Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев Назарбаевдин көлөкөсүнөн кутулду

Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев Назарбаевдин көлөкөсүнөн кутулду

Мындай пикирин “Чыгыш-Батыш” аналитикалык борборунун директору Дмитрий Орлов билдирди. Эске салсак, ушул аптанын башында Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Күтүлгөндөй эле, анда 81,3% упай менен Назарбаев бийликке коюп кеткен адам, өлкөнүн учурдагы президенти  Касым-Жоомарт Токаев жеңди. Бирок бул плебисцит Токаевди жогоруда айтылган акыркы статустан сактап калды. Эксперттин айтымында, ал элге “туңгуч президенттин көлөкөсү” эмес, өз алдынча саясий бирдик экенин көрсөтүшү керек. “Мындан тышкары, Токаев коомчулуктун кеңири колдоосуна муктаж. Ошондуктан, ал өз кайрылуусунда жарыялаган демилгелерде элден дагы бир ишеним сурап жаткандай…

Прочитайте больше

Ирандагы башаламандыктарды тутандырууга 47 мамлекеттин катыштыгы бар экени айтылды

Ирандагы башаламандыктарды тутандырууга 47 мамлекеттин катыштыгы бар экени айтылды

 Ирандагы башаламандыктарга 47 өлкө жана 11 атайын кызмат активдүү катышкан. Бул тууралуу 25-ноябрда Иран парламентинин мүчөсү, Маданият боюнча комитеттин мүчөсү Сейед Али Яздихах билдирди. Анын айтымында, Сауд Аравия, Египет, Түркия, БАЭ баш болгон мамлекеттер жана атайын чалгын кызматтары Ислам Республикасын жок кылуу үчүн Иранга каршы бардык күчүн жумшашкан. Бирок, алардын бул иш-аракеттери ишке ашкан жок. “Душмандар баш аламандык жаратууга шылтоо издешкен. Алардын максаты жаңы окуу жылынын башталышы жана студенттерге басым жасоо болгон. Бирок Махса Аминин…

Прочитайте больше

Токаев ант берип, кызматына киришти

Токаев ант берип, кызматына киришти

  Касым-Жомарт Токаев ант берип, Казакстандын президенти кызматына расмий киришти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Токаев антты мамлекеттик тилде берип, ага парламент депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьялары, ошондой эле Казакстандын экс-президенти катышты.  Андан соң мамлекеттик гимн аткарылгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге президенттин күбөлүгүн тапшырды. Казакстанда кезексиз шайлоодо шайланган президент Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы шайлоодон алты күндөн кийин өттү. Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо учурдагы президент 81,31% добушка ээ болуп, БШК Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын…

Прочитайте больше

Ооганстанда «Хизбут-Тахрирдин» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

Ооганстанда «Хизбут-Тахрирдин» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

 Талибан Ооганстанда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Ооганстандагы башкаруучу Талибан кыймылы өлкөдө “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. “Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигинин буйругуна ылайык, “Хизб-ут-Тахрир”, “Жамиат Эслах” жана “Нажм” уюмунун ар кандай саясий ишмердүүлүгүнө тыюу салынат”, – деп айтылат Талибандын чалгындоо башкармалыгынын РИА Новостиге түшкөн билдирүүсүндө. 2021-жылдын август айынын башында Талибан кыймылы ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш бүткөнүн жарыялашкан….

Прочитайте больше
1 2 3 5