Россия АКШнын биологиялык агрессиясына каршы чара көрүүгө чакырды

 Америкалык лабораторияларда иштелип чыккан коронавирустун өлүмгө алып келген штаммынын варианты АКШнын геосаясий атаандаштарына багытталган. Ошондуктан Россия Вашингтондун биологиялык агрессиясына каршы тез арада чара көрүшү керек.

Бул тууралуу РФ парламентинин Жогорку палатасынын Коргоо комитетинин башчысы Виктор Бондарев билдиргенин РИА Новости жазды.

“Бостондук окумуштуулар тарабынан 80% өлүмгө алып келген коронавирустун жаңы штаммынын иштелип чыккандыгы тууралуу жаңылык таң калыштуу болгон жок. Америка Кошмо Штаттары көптөн бери биологиялык куралды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенип келет. Мындан тышкары, алардын зыяндуу лабораториялары АКШнын аймагында гана эмес, башка жерлерде да бар”, – деп жазган сенатор өзүнүн Telegram-каналына.

Саясатчынын айтымында, “АКШнын биологиялык куралы идеологиялык жана геосаясий атаандаштарга максатталган”.

“Биринчи кезекте алар коронавирустун жаңы штаммын “жакпаган” өлкөлөргө: Россия, Иран, Кытай, Беларусь, Сирия, Түндүк Корея жана капысынан баш көтөрүп, америкалыктарга баш ийбей, демарш уюштурууну каалаган бир катар европалыктарга каршы колдонууга аракет кылышат деп ойлойм”, – деп баса белгиледи ал.

Ошондуктан Бондарев Россия “америкалык биологиялык агрессияга каршы дароо чараларды көрүүсү керек деп эсептейт.

“Россияда коронавирустун мурунку штаммдары менен күрөшүү көндүмдөрү, фундаменталдык жана прикладдык медицина тармагындагы мыкты адистер, техникалык жана технологиялык база, ошондой эле жаңы коркунучка каршы вакциналарды жана дарыларды түзүү мүмкүнчүлүгү бар”, – деп билдирди ал.

Бондарев Украинадагы биологиялык лабораториялардын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамында америкалыктардын бул тармактагы “жетишкендиктерин” изилдегенин айтты.

“АКШ бул лабораторияларда кооптуу ооруларды алып чыгып, аларды украиналыктарга сынаган: мындай иштердин натыйжасында Украинада мезгил-мезгили менен ар кандай оорулар чыгып турган”, – деп жыйынтыктады ал.

Буга чейин 26-ноябрда Россиянынь өзөктүк, биологиялык жана химиялык чабуулдардан коргонуу тармагын жетектеген генерал Игорь Кириллов 2022-жылдын октябрында Бостон университетинде омикрон штаммынын жана Ухань вариантынын негизинде коронавирус инфекциясынын жасалма козгогучу жасалганын, америкалыктар алган модификацияланган вирус оору жуктурган моделдик жаныбарлардын 80%ынын өлүмүнө себеп болгонун билдирген.

Комментарий жиберүү