Токаев ант берип, кызматына киришти

  Касым-Жомарт Токаев ант берип, Казакстандын президенти кызматына расмий киришти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Токаев антты мамлекеттик тилде берип, ага парламент депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьялары, ошондой эле Казакстандын экс-президенти катышты. 

Андан соң мамлекеттик гимн аткарылгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге президенттин күбөлүгүн тапшырды.

Казакстанда кезексиз шайлоодо шайланган президент Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы шайлоодон алты күндөн кийин өттү.

Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо учурдагы президент 81,31% добушка ээ болуп, БШК Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президенти кылып каттаган.

Комментарий жиберүү