КЭРдин мурдагы төрагасы Цзян Цзэмин көз жумду

КЭРдин мурдагы төрагасы Цзян Цзэмин көз жумду

Кытайдын мурдагы төрагасы Цзян Цзэмин 96 жашында каза болду.Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын борбордук телеканалына таянып жазышты. Цзян Цзэмин 1993-2003-жылдары Кытай мамлекетин башкарган. “Синьхуа” агенттигинин маалыматына караганда, ал бүгүн, 30-ноябрда Шанхайда каза болгон. Анын өлүмүнө лейкемия жана көп органдын иштебей калышы себеп болгону айтылды. Цзян Цзэмин 1926-жылы 17-августта Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында туулган. 1946-жылы КЭР түзүлгөнгө чейин Кытайдын Коммунисттик партиясына мүчө болгон. 1947-жылы Шанхай Цзяотоң университетинин электр машиналары факультетин инженер-электрик адистиги боюнча бүтүргөн. Ал машина куруу министерствосунун системасында 30…

Прочитайте больше

Катар-2022: Кайсы командалар плей-оффко чыгып, кимиси үйлөрүнө кайтты

Катар-2022: Кайсы командалар плей-оффко чыгып, кимиси үйлөрүнө кайтты

 Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында плей-офф баскычына чыккан жана үйлөрүнө кайткан командалар аныкталууда. Кечээ, 29-ноябрда Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында 3-турдун алгачкы төрт беттеши орун алды. А жана В тайпаларынын бул беттештеринен кийин 1/8 финалына кимдер чыкканы ошондой эле кайсы командалар үйлөрүнө кайтканы аныкталды. Кечээки беттештеде А тайпасынан плей-офф баскычына Нидерланды менен Сенегал курамалары чыкты. Нидерланддар Катарга каршы ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетип, турнирдик таблицада 1-орунга чыкты. Голду Коди Гакпо киргизди. Кийинки чечүүчү оюнда Сенегал…

Прочитайте больше

Президент Кемпир-Абад тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Кемпир-Абад тууралуу мыйзамга кол койду

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган. Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоону сунуштайт. Макулдашуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге ылайык даярдалды. Макулдашуунун максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия менен башкаруу. Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек…

Прочитайте больше