КЭРдин мурдагы төрагасы Цзян Цзэмин көз жумду

Кытайдын мурдагы төрагасы Цзян Цзэмин 96 жашында каза болду.Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын борбордук телеканалына таянып жазышты.

Цзян Цзэмин 1993-2003-жылдары Кытай мамлекетин башкарган.

“Синьхуа” агенттигинин маалыматына караганда, ал бүгүн, 30-ноябрда Шанхайда каза болгон. Анын өлүмүнө лейкемия жана көп органдын иштебей калышы себеп болгону айтылды.

Цзян Цзэмин 1926-жылы 17-августта Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында туулган. 1946-жылы КЭР түзүлгөнгө чейин Кытайдын Коммунисттик партиясына мүчө болгон. 1947-жылы Шанхай Цзяотоң университетинин электр машиналары факультетин инженер-электрик адистиги боюнча бүтүргөн.

Ал машина куруу министерствосунун системасында 30 жылга жакын эмгектенген. 1955-жылы Москвадагы И.В. Сталин атындагы автомобиль заводунда стажировкадан өтүп, орус тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алган.

1980-жылдан Импорт жана экспорт иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы, андан кийин төраганын орун басары жана чет элдик инвестицияларды башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин катчылыгынын штаттан тышкаркы жетекчиси болуп иштеген.

Ошондой эле 1985-1989-жылдары Шанхай шаарынын мэри болгон. 1989-жылы Кытай Коммунистик Партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчылыгына шайланган.

Цзян Цзэмин өз саясатында Дэн Сяопин баштаган реформаларды уланткан. Анын тушунда Кытайдын экономикасы дүйнөдө жетинчи орунга чыгып, өлкө ДСУга кирип, Шанхайда АСЕАН саммити өткөн жана 2008-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерликти жеңип алган.

Комментарий жиберүү