Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоону сунуштайт.
Макулдашуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге ылайык даярдалды.
Макулдашуунун максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия менен башкаруу.
Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоону сунуштайт.
2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюлуп, ага 302,29 км аралыктагы участоктор кирген.