Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 29-ноябрда  Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-иран кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү алакаларды арттыруу тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү жаатында эки тараптуу иш сапарларды активдештирүү…

Прочитайте больше

Россияда митингдерди таркатуучу дрондор чыгарылат

Россияда митингдерди таркатуучу дрондор чыгарылат

 Россиялык окумуштуулар 2023-жылдын башында массалык өндүрүшкө чыга турган “Шершень” деп аталган гексакоптер ойлоп табышты, деп билдирет Ferra.ru маалымат агенттиги. Маалыматта айтылгандай, уникалдуу аппарат Эсептөө комплекстерин изилдөө институтунун (НИИВК) адистери тарабынан жасалган. Дрон “ультраүн жана инфраүндүн жардамы менен мыйзамсыз массалык акцияларды, башаламандыктарды кууп, таркатуу” үчүн иштелип чыккан. Мындан тышкары,  ал учкучсуз учуучу аппараттарды радиолокациялык жол менен басуу, мунай жана газ түтүктөрүнүн абалын көзөмөлдөө, ошондой эле экологиялык мониторинг жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулушу мүмкүн. Аталган институттун…

Прочитайте больше

Президент бир катар элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент бир катар элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды

 Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, Индия Республикасынын, Европа Биримдигинин жана Япониянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Индия Республикасынын элчиси Арун Кумар Чаттержи, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон жана Япониянын элчиси Хидеки Года тапшырышты. Салтанаттын башында чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын ардактуу кароол ротасы тосуп алды. Президент Садыр Жапаров элчилердин ар бири менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу мамилелердин ар кыл  маселелерин талкуулады. Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана…

Прочитайте больше