Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 29-ноябрда  Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-иран кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү алакаларды арттыруу тууралуу пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү жаатында эки тараптуу иш сапарларды активдештирүү маселелерине токтолуп, тармактык комитеттер менен депутаттык достук топторунун ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Комитет төрагасы Улан Примов, Кыргызстан Иран Ислам Республикасы менен достук мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык бүгүнкү күндө өз ара түшүнүү, колдоо жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен мүнөздөлүп жатканын кошумчалады.

«Биздин мамилелерибиз достуктун жана өз ара урматтоонун негизинде мындан ары да үзүрлүү улана беришине терең ишенем», – деди У.Примов.

Комитет төрагасы Кыргызстан менен Иран эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирип: «Буга Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейм», – деди.

Мындан тышкары, 2021-жылдын май айында Кыргызстан менен Ирандын ортосунда айына бир жолу каттаган «Мешхед-Бишкек-Мешхед» багыты боюнча аба каттамы ачылганын эске салды. «Каттамдарды Ирандын «Varesh Airlines» авиакомпаниясы ишке ашырууда. Азыркы убакытта кыргыз тараптан «Манас» Эл аралык аэропорту аэропорттук кызмат көрсөтүү үчүн жеңилдиктерди берүүдө», – деген эл өкүлү, «Тегеран-Бишкек-Тегеран» багыты боюнча түз авиа каттамдарды калыбына келтирүү перспективасын белгилеп, эки өлкөгѳ барууну каалаган туристтер жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында «Тегеран-Бишкек-Тегеран» түз авиа каттамын ачууну сунуштады.

Өз кезегинде Ирандын Кыргызстандагы  элчиси Саид Харази кыргыз-иран кызматташтыгын жогору баалай турганын баса белгилеп, Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды активдештирүүгө кызыкдар экенин айтты.

Тагыраагы, дипломат эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана түз байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Өлкөлөрдүн ортосунда соода жана инвестиция тармагында чоң потенциал бар. Биз өз тарабыбыздан эки өлкөнүн ортосундагы аба байланышын активдештирүү жана деңиз жолдоруна чыгуу үчүн Иран портторун колдонууну колдойбуз», – деди С.Харази.

Элчи Саид Харази да парламенттер аралык алакаларды тереңдетүүнүн маанилүүлүгү тууралуу сөз кылып, комитет төрагасы Улан Примовдун бардык демилгелерин колдоорун маалымдады.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары маданий-гуманитардык кызматташтыктын аспектилерин талкуулашты.

Комментарий жиберүү