Россияда митингдерди таркатуучу дрондор чыгарылат

 Россиялык окумуштуулар 2023-жылдын башында массалык өндүрүшкө чыга турган “Шершень” деп аталган гексакоптер ойлоп табышты, деп билдирет Ferra.ru маалымат агенттиги.

Маалыматта айтылгандай, уникалдуу аппарат Эсептөө комплекстерин изилдөө институтунун (НИИВК) адистери тарабынан жасалган.

Дрон “ультраүн жана инфраүндүн жардамы менен мыйзамсыз массалык акцияларды, башаламандыктарды кууп, таркатуу” үчүн иштелип чыккан. Мындан тышкары,  ал учкучсуз учуучу аппараттарды радиолокациялык жол менен басуу, мунай жана газ түтүктөрүнүн абалын көзөмөлдөө, ошондой эле экологиялык мониторинг жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Аталган институттун учкучсуз учактарды сырттан башкаруу жана эксплуатациялоо лабораториясынын жетекчиси Виталий Долговдун айтымында, “Шершень” дронунун сериялык өндүрүшүн Жаңы жылдан кийин баштоо пландалууда.

“Гексакоптерди декабрь-январь айынын орто ченинен баштап иш үстүнөн көрсөтө алабыз”, – деди Долгов.

Маалыматка караганда, кыска аралыкка (10 чакырымга чейин) учуучу дронду сыноого 100 ыктыярчы катышкан.

Виталий Долгов гексакоптердин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу адамдын организми үчүн зыянсыз экенин, болгону убактылуу гана жагымсыз таасирлерди жаратарын кошумчалады.

Анын айтымында, дрон колдонулган жерде адамдар өздөрүн ыңгайсыз сезип, ал жерден кеткиси келет.

Инфраүндү колдонуу деңиз оорусуна окшош – жүрөк айлануу, баш айлануу пайда болушу мүмкүн. Бирок бардык симптомдор адам гексакоптердин таасири зонасына кирген аймактан чыгып кеткенден кийин дароо жоголот.

Комментарий жиберүү