Азербайжан менен Армениянын чекарасы. Эки өлкө бири-бирин ок атууга айыптады

Азербайжан менен Армениянын чекарасы. Эки өлкө бири-бирин ок атууга айыптады

  7-ноябрга караган түнү Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атылып, эки өлкө ага бири-бирин айыптап чыкты. Армениянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрү чек арадагы армян позициясын аткылады деп айыптаса, Баку дагы каршы тарап чек арада аткыч куралдарды колдонгонун билдирди. “6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү армян-азербайжан чек арасынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан армяндардын позицияларына түрдүү калибрдеги аткычтардан ок атышты”, — деп айтылат Армениянын Коргоо министрлигинин сайтында.Маалыматта армян тараптан жоготуулар жок экени…

Прочитайте больше

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Өзбекстанга жана Казакстанга барат

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Өзбекстанга жана Казакстанга барат

 АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу 6-11-ноябрь күндөрү Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда болот. Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Дональд Лу АКШ аймактагы өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ырастап, Вашингтондун максаты Борбор Азияны өнүккөн, коопсуз жана демократиялык аймак кылуу экенин белгилейт. Лу Өзбекстанга жасай турган сапарынын алкагында мамлекеттик аткаминерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле дин жана ишеним эркиндигине байланышкан…

Прочитайте больше

Түркиянын ички иштер министри Кыргызстанга келди

Түркиянын ички иштер министри Кыргызстанга келди

 Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аларды “Манас” аэропортунда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков тосуп алышты. Алдыда эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн бир катар жолугушуулары белгиленген. Түркиядан келген делегация менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуулары өтөт. Буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында, ӨКМдин адистерин тоодо…

Прочитайте больше

Иранда мечитке кол салгандар Тажикстан, Азербайжан жана Ооганстандын жарандары болгон

Иранда мечитке кол салгандар Тажикстан, Азербайжан жана Ооганстандын жарандары  болгон

 Ирандын Шираз шаарындагы  Шах-Черах мечитине кол салууну уюштурууга катышы бар деген шек менен жалпы 26 киши кармалды.  Алардын баары Азербайжан, Тажикстан жана Ооганстан жарандары. Бул тууралуу Ирандын чалгын министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен Fars News агенттиги жазды.  “Өлкө ичиндеги террордук ячейканын иш-аракеттеринин негизги уюштуруучусу жана координатору Азербайжандын жараны болгон, ал Тегеранга келгенде дароо Ооганстандагы “ИМ” террордук тобунун өкүлдөрү менен байланышып, аларга Иранга келгенин кабарлаган”, – деп айтылат билдирүүдө. Маалыматка караганда, мечиттеги элге ок чыгарган чабуулчу…

Прочитайте больше

Түрк мамлекеттери банктык ассоциациялар кеңешин түздү

Түрк мамлекеттери банктык ассоциациялар кеңешин түздү

 Түрк мамлекеттеринин банк ассоциациялары кызматташтык келишимине кол коюу менен Кеңешти түзүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар биримдигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кол коюу аземи Стамбулда өттү. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын банк ассоциациялары катышты. “Банктык ассоциациялар кеңеши түрк мамлекеттеринде санариптик банкинг жана төлөм системаларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле өлкөлөргө ар кандай тобокелдиктер менен күрөшүүгө жардам берет”, – деп айтылат маалыматта.

Прочитайте больше

Таалатбек Масадыков Кабулда «Талибандын» өкүлдөрү менен жолукту

Таалатбек Масадыков Кабулда «Талибандын» өкүлдөрү менен жолукту

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 7-ноябрда кабарлады. Масадыков иш сапардын жүрүшүндө “Талибан” өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен өз өзүнчө жолугушту. Кыргызстандын ТИМи кабарлагандай, жолугушууларда регионалдык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана транспорттук жолдор менен ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды. Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып,…

Прочитайте больше