Иранда мечитке кол салгандар Тажикстан, Азербайжан жана Ооганстандын жарандары болгон

 Ирандын Шираз шаарындагы  Шах-Черах мечитине кол салууну уюштурууга катышы бар деген шек менен жалпы 26 киши кармалды. 

Алардын баары Азербайжан, Тажикстан жана Ооганстан жарандары.

Бул тууралуу Ирандын чалгын министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен Fars News агенттиги жазды. 

“Өлкө ичиндеги террордук ячейканын иш-аракеттеринин негизги уюштуруучусу жана координатору Азербайжандын жараны болгон, ал Тегеранга келгенде дароо Ооганстандагы “ИМ” террордук тобунун өкүлдөрү менен байланышып, аларга Иранга келгенин кабарлаган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, мечиттеги элге ок чыгарган чабуулчу Тажикстандан чыккан “Абу Аиша” каймана аты менен белгилүү Субхон Комрони экени аныкталды. Ал кармоо учурунда алган жаракаттарынан кийин ооруканада көз жумган.

Кол салууну уюштурууга катыштыгы барлардын баары Ирандын Фарс, Тегеран, Кум жана башка бир катар провинцияларында кармалган.

Эске салсак, 26-октябрда Шах Черах мечитинде кечки намаз окулуп жаткан маалда белгисиз адам элге туш келди ок чыгарган. Кол салуудан 13 киши өлүп, 27си жараат алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган.

Комментарий жиберүү