АКШ мамкатчысынын жардамчысы Өзбекстанга жана Казакстанга барат

 АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу 6-11-ноябрь күндөрү Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда болот.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Дональд Лу АКШ аймактагы өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ырастап, Вашингтондун максаты Борбор Азияны өнүккөн, коопсуз жана демократиялык аймак кылуу экенин белгилейт.

Лу Өзбекстанга жасай турган сапарынын алкагында мамлекеттик аткаминерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле дин жана ишеним эркиндигине байланышкан маселелерди талкуулайт деп күтүлүүдө.

Мамлекеттик катчынын жардамчысы быйыл май айында да Өзбекстанга келип кеткен. Ал сапарынын жүрүшүндө Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык, Россияга каршы киргизилген санкциялардын Өзбекстанга таасири жана башка бир катар маселелер талкууланган.

Түркмөнстанга 6-ноябрда барган Дональд Лу алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү жана жогорку кызматтагы өкмөттүк аткаминерлер менен жолугуп, эки тараптуу жана аймактык бир катар маселелер боюнча өнөктөштүктү талкуулады.

Казакстанда мамлекеттик катчынын жардамчысы Борбор Азиядагы экономикалык туруктуулукту жана аймактагы өлкөлөрдүн өз ара байланышын талкуулоо үчүн экономика жана бизнес тармагынын өкүлдөрү менен, ошондой эле Казакстандын келечегин түзүүдөгү маанилүү ролун колдоо үчүн жарандык коомдун лидерлери менен жолугат.

Комментарий жиберүү