Азербайжан менен Армениянын чекарасы. Эки өлкө бири-бирин ок атууга айыптады

  7-ноябрга караган түнү Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атылып, эки өлкө ага бири-бирин айыптап чыкты.

Армениянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрү чек арадагы армян позициясын аткылады деп айыптаса, Баку дагы каршы тарап чек арада аткыч куралдарды колдонгонун билдирди.

“6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү армян-азербайжан чек арасынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан армяндардын позицияларына түрдүү калибрдеги аткычтардан ок атышты”, — деп айтылат Армениянын Коргоо министрлигинин сайтында.
Маалыматта армян тараптан жоготуулар жок экени белгиленет. 
“Саат 10:00гө карата чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу”, — деп айтылат билдирүүдө.

“6-ноябрда саат 19.35тен 21.50гө чейин Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Кялбажар районунун Моллабайрамлы жана Базирхан калктуу конуштарын ар түрдүү калибрдеги аткычтардан Азербайжан армиясынын позицияларын аткылашты”, – деп билдирди Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы.

Маалыматта Азербайжан армиясынын бөлүктөрү тарабынан “адекваттуу жооп кайтаруу чаралары көрүлгөнү” белгиленет.

Белгилей кетсек, Армения менен Азербайжандын чек арасында маал-маалы менен атышуулар болуп турат. Акыркы жолу чек арадагы оор абал 13-сентябрга караган түнү болгон. Ереван Азербайжандын аскерлери Армениянын чек ара аймактарын – Гегаркуник, Вайоцдзор, Сюник аймактарын артиллерия жана учкучсуз учактарды колдонуу менен аткылаганын билдирген. Бул аймактардын Карабакка эч кандай тиешеси жок. Баку армян аскерлери азербайжан аскерлеринин чек арадагы позициясына ок атканын, кагылышуу болгонун билдирген. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Арменияны тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатат деп айыптаган. Эки тарап тең өз аскерлеринин арасында жоготуулар болгонун кабарлашкан. Эртең менен тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан.

Комментарий жиберүү