Уурулук – Аллахтын каарын келтирген чоң күнөө

Уурулук – Аллахтын каарын келтирген чоң күнөө

Чыныгы мусулман эч качан башка бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз албайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Мусулмандын жаны, мал-мүлкү жана намысы башка мусулман үчүн арам”. Динибизде ар бир мусулмандын укугу корголгон. Тилекке каршы, учурда биз эч кимге ишене албаган коомдо жашап жатабыз. Коомдук транспортто кетип бара жатсак, баалуу буюмдарыбызды алдырып ийбөөнүн камын жейбиз. Капчык, телефон уурдатуу кадимки көрүнүштөрдүн бирине айланган. Бул биз үчүн трагедия эмей эмне? Уурулук – Исламдагы эң чоң күнөөлөрдүн бири. Ыйык Куранда мындай деп келет:«Эй ыйман…

Прочитайте больше

Канткенде толук бактылуулукка жетебиз?

Канткенде толук бактылуулукка жетебиз?

Бул дүйнөдөгү ар бир адамдын максаты – бактылуу болуу. Бакытка жетүү тууралуу канча китептер жазылды, кинолор тартылды, эксперименттер жүргүзүлдү. Бирок эки дүйнөлүк бактылуулукка жетүү үчүн эч бир изилдөө жардам бере албайт. Чыныгы бактылуулук Исламда. Бактылуулук – бул ыйманга толгон жүрөк, Аллахка тапшырылган жан дүйнө. Бул макалада бактылуулукка жетүү үчүн айрым кеңештерди сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Ибадаттарыбызды чын жүрөктөн аткаруу менен бактылуу болобуз Аллахка жакындоо жана ыраазычылыгына жетүү үчүн кылынган ибадат жүрөккө тынчтык тартуулайт….

Прочитайте больше

Эмне үчүн хеллоуинди белгилегенге болбойт?

Эмне үчүн хеллоуинди белгилегенге болбойт?

31-октябрь дүйнө Хеллоуинди майрамдайт. Биздин өлкөдө да бул дата четте калбай, айрым жерлерде белгиленип келет. Бирок хеллоуин биз үчүн канчалык коркунучтуу? Исламда кандай каралган? Алдыда жооп таба аласыз? Бул “майрам” бутпарастардын негиздерине таянылып, кара күчтөрдү мактоо катары кабыл алынат. Хэллоуин шайтан жана өлгөндөрдүн арбактарына сыйынуу ритуалдарынан келип чыккан. ТАРЫХЫ Хеллоуиндин пайда болуусу тууралуу көп версиялар бар. Алардын эң негизгисине ылайык, Европаны байырлаган байыркы кельттер тарабынан киргизилгендиги айтылат. Алардын календары боюнча жыл ак-кара, караңгы-жарыкка бөлүнгөн. 31-октябрдан…

Прочитайте больше

Раби́ Ас-Са́ни айы кирди. Бул айда кандай окуялар орун алган?

Раби́ Ас-Са́ни айы кирди. Бул айда кандай окуялар орун алган?

Раби́ Ас-Са́ни (Раби́-уль-Ахир – ربيع الآخر‎‎) – Ислам календары боюнча 4-ай.“Сани” – экинчи, ал эми “раби” – жаз. Ошентип, эки сөздү бириктиргенде “экинчи жаз” дегенди билдирет. Раби Ас-Сани айында жалпы Ислам дүйнөсү үчүн бир катар маанилүү окуялар болгон. Алардын негизгилерине токтолобуз. ИЕРУСАЛИМДИН БОШОТУЛУШУ (ХИТТИН САЛГЫЛАШЫ) Хижранын 583-жылы Раби ас-Сани айынын 19-күнүндө (1187-жылы 4-июлда) мусулмандар үчүн өтө маанилүү окуялардын бири Хиттиндеги салгылаш орун алган. Бул күнү Салахуддиндин башчылыгындагы мусулман аскерлери Палестинадагы Хиттин деген айылда кресттүүлөрдү жеңген….

Прочитайте больше

Айя-София – пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн Константинополду багынтуунун символу

Айя-София – пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн Константинополду багынтуунун символу

Стамбул ажайып кооздугу, өзгөчө атмосферасы жана тарыхый жерлеринин көптүгү менен барган адамды өзүнө тартып турат. Бул шаар мусулмандар тарабынан багындырыла тургандыгы сүйүктүү пайгамбарыбыз ﷺ тарабынан 14 кылым мурун убадаланган. Стамбулда бир гана мусулмандар үчүн эмес, жалпы адамзат үчүн ыйык эсептелген Айя-София мечити жайгашкан. Айя-София толлеранттулуктун, конфессиялар ортосундагы ынтымактын үлгүсү десек да жаңылышпайбыз. Айя-София – христиандардын алгачкы чиркөөсү. 1520-жылы Севилья Катедралы курулганга чейин 1000 жыл бою христиан дүйнөсүндөгү эң чоң чиркөө болгон. Ошондуктан христиандар үчүн бул…

Прочитайте больше