Эмне үчүн хеллоуинди белгилегенге болбойт?

31-октябрь дүйнө Хеллоуинди майрамдайт. Биздин өлкөдө да бул дата четте калбай, айрым жерлерде белгиленип келет. Бирок хеллоуин биз үчүн канчалык коркунучтуу? Исламда кандай каралган? Алдыда жооп таба аласыз?

Бул “майрам” бутпарастардын негиздерине таянылып, кара күчтөрдү мактоо катары кабыл алынат. Хэллоуин шайтан жана өлгөндөрдүн арбактарына сыйынуу ритуалдарынан келип чыккан.

ТАРЫХЫ

Хеллоуиндин пайда болуусу тууралуу көп версиялар бар. Алардын эң негизгисине ылайык, Европаны байырлаган байыркы кельттер тарабынан киргизилгендиги айтылат. Алардын календары боюнча жыл ак-кара, караңгы-жарыкка бөлүнгөн. 31-октябрдан 1-ноябрга караган түн бул сегменттердин ортосундагы чек ара катары эсептелип, терең ыйык мааниге ээ болгон. Эки дүйнөнүн ортосундагы эшик ачылып, маркумдардын арбагы көчөдө бейпил сейилдейт деп ойлошкон. Адамдар аларга байкалбаш үчүн беткап кийишкен жана аларды ыраазы кылуу үчүн тамак жасап, от жагышкан. Мына ушул нерселерден жез кемпир, бүбү-бакшы сыяктуу кир күчтөрдүн кийимдерин кийүү, ашкабактан чырактарды жасоо келип чыккан. Буга кошумча, бул түнү друиддер бутпарасттардын “кудайы” Самхаиндин (Өлүм ээси) каарынан коркуп, аны даңкташкан.

ИСЛАМ ЖАНА ХЭЛЛОУИН

“Пайгамбарыбыз минтип айткан: Ким кайсы бир элге окшошкусу келсе, анда ал – ошолордон”. Бул хадиске таянуу менен Исламда хэллоуинди майрамдоого тыюу салынат деп жыйынтык чыгарсак болот.

Мусулмандар Ислам негиздерин карманып, ага каршы келген үрп-адаттардан баш тартуусу керек. Динибизде өлгөндөрдү эстөө үчүн Куран окуп, дуба кылуу жетиштүү.

ХЕЛЛОУИНДИН ЗЫЯНЫ

КААПЫРЛЫККА ТҮШҮП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ. Хеллоуин – бутпарасттык маданият. Ал шайтан жана өлгөндөрдүн арбактарына сыйынуу ритуалдарынан келип чыккан. Мусулман хеллоуинге баруу менен ширк кылган болот.

БҮЛ КҮНҮ КЫЛМЫШТУЛУК КӨП БОЛОТ. Хеллоуин белгиленген өлкөлөрдө кылмыштуулуктун саны аталган датада 50%га өскөндүгү байкалган. Адам өлтүрүү, уурулук, зордук-зомбулук, жол кырсыктары ж.б. хеллоуинде өтө көп катталат.

ХЕЛЛОУИН ЭКОНОМИКАГА ОЛУТТУУ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛЕТ. Маалыматтарга караганда, АКШ Хеллоуиге даярдануу үчүн жылына 7 млрд доллар коротот. Бул накта ысырап эмей эмне?

БАЛАНЫН АҢ-СЕЗИМИНЕ ТЕСКЕРИ ТААСИР ЭТЕТ. Жаман менен жакшыны ажырата элек бала оңой эле кайыр диндердин тузагына илинет. Ал кара күчтөрдөн сураса, берет экендигине ишенип баштайт. Баладагы ырайымсыздык, баарын кылса болот деген сезимдер ойгонот.

Комментарий жиберүү