Түрк мамлекеттери банктык ассоциациялар кеңешин түздү

 Түрк мамлекеттеринин банк ассоциациялары кызматташтык келишимине кол коюу менен Кеңешти түзүшкөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын банктар биримдигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол коюу аземи Стамбулда өттү. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын банк ассоциациялары катышты.

“Банктык ассоциациялар кеңеши түрк мамлекеттеринде санариптик банкинг жана төлөм системаларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле өлкөлөргө ар кандай тобокелдиктер менен күрөшүүгө жардам берет”, – деп айтылат маалыматта.

Комментарий жиберүү