Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев Назарбаевдин көлөкөсүнөн кутулду

Мындай пикирин “Чыгыш-Батыш” аналитикалык борборунун директору Дмитрий Орлов билдирди.

Эске салсак, ушул аптанын башында Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды.

Күтүлгөндөй эле, анда 81,3% упай менен Назарбаев бийликке коюп кеткен адам, өлкөнүн учурдагы президенти  Касым-Жоомарт Токаев жеңди.

Бирок бул плебисцит Токаевди жогоруда айтылган акыркы статустан сактап калды.

Эксперттин айтымында, ал элге “туңгуч президенттин көлөкөсү” эмес, өз алдынча саясий бирдик экенин көрсөтүшү керек.

“Мындан тышкары, Токаев коомчулуктун кеңири колдоосуна муктаж. Ошондуктан, ал өз кайрылуусунда жарыялаган демилгелерде элден дагы бир ишеним сурап жаткандай сезилет”, – деп кошумчалады Орлов.

Эксперт азыр Казакстанда элдин бийликке койгон талабы абдан жогору жана Назарбаевдин тушундагыдан да көп деп эсептейт. Ал эми Токаевдин 2024-жылга чейин, анын конституциялык ыйгарым укуктары аяктаганга чейин, бул талаптарды жараткан көйгөйлөр менен күрөшө алуусу анык эмес.

“Эгерде Токаев жети жылдык президенттик мөөнөттү өзү үчүн даярдап жатат деп ойлосок, анда ага мамлекеттик аппаратка эффективдүүлүктү жана башкаруучулукту кайтарууга убакыт керек болот.

Бул өзгөчө күч блогуна тиешелүү. Алар быйылкы январь коогалаңында өзүнүн деңгээлин, жумшак айтканда, жакшы эмес экенин көрсөттү. Ошондуктан, өлкө башчысынын кызмат мөөнөтүн узартуусу да ушул логикага туура келип жатат”, – дейт эксперт.

Ошондой эле анын айтымында, президенттин “жети жылдык планы” Казакстандын президенти өзүнө мураскер болбосо да, келечекке кандайдыр бир кепилдик бере ала турган адамды даярдап жатканын билдириши мүмкүн.

“Анткени Токаевдин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин бардык күнөөлөрдү, жадакалса анын күнөөсү болбогон маселелерди да ага жүктөгүсү келгендер өтө көп болот. Буга Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тагдыры далил боло алат”, – деди ал.

Токаевдин элге кайрылуусунда Казакстанда парламентаризмди өнүктүрүү тууралуу сөздөр камтылган. Бул Казакстан Кыргызстандын жолун жолдоп, бирок башка жол менен барууну чечти дегенди билдиреби?

“Парламентаризмдин өзүндө эч кандай жаман нерсе жок. Ал Кыргызстанда деле болмок. Маселенин баары бизде – Борбордук Азияда парламентаризм дегенди түшүндүргөн элита ортосундагы келишимдерди эч ким аткаргысы келбегенинде. Ал эми бул жерде бирөөнүн тажрыйбасы эч кандай мааниге ээ эмес. Анткени бул жерде эң негизгиси – элиталар аралык консенсус”, – деди Орлов.

Эксперт учурда Кыргызстанда да Казакстанда да олуттуу көйгөлөр бар деп эсептейт.

“Бирок азырынча (Казакстанда да, Кыргызстанда да) жогоруда айтылгандай олуттуу көйгөйлөр бар. Болбосо январь окуясы болмок эмес. Ошондуктан парламенттин ролун күчөтүү тууралуу сөз кылуудан мурун партиялардын үстүндө тургандар жана парламентке жакын күчтөр менен чечишип алуу керек.

Мен дароо баса белгилеп айтайын, “чечишип алуу” – жок кылуу деген мааниде эмес, элитаны келишимдерди урматтоого мажбурлоо деген мааниде. Эгер Токаевдин командасы бул боюнча ийгиликке жетсе, бул Казакстан үчүн абдан жакшы болот. Жок дегенде өлкө ыдырап кетпейт”, – деди эксперт Дмитрий Орлов.

Комментарий жиберүү