Ирандагы башаламандыктарды тутандырууга 47 мамлекеттин катыштыгы бар экени айтылды

 Ирандагы башаламандыктарга 47 өлкө жана 11 атайын кызмат активдүү катышкан. Бул тууралуу 25-ноябрда Иран парламентинин мүчөсү, Маданият боюнча комитеттин мүчөсү Сейед Али Яздихах билдирди.

Анын айтымында, Сауд Аравия, Египет, Түркия, БАЭ баш болгон мамлекеттер жана атайын чалгын кызматтары Ислам Республикасын жок кылуу үчүн Иранга каршы бардык күчүн жумшашкан. Бирок, алардын бул иш-аракеттери ишке ашкан жок.

“Душмандар баш аламандык жаратууга шылтоо издешкен. Алардын максаты жаңы окуу жылынын башталышы жана студенттерге басым жасоо болгон. Бирок Махса Аминин өлүмү аларды пландарын өзгөртүүгө жана туруксуздук жаратуу үчүн аны символ жана шылтоо катары колдонууга түрткөн”, – деди Яздихах.

Ал Иранда Амини каза болгондо, Кабулдагы жардыруудан 140 кыз каза болгон, бирок укук коргоочулар бул маселега көз жумуп коюшкан.

Эске салсак, Ирандагы башаламандыктар 22 жаштагы Махса Амини аттуу студент кыздын өлүмүнөн кийин тутанган. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, өлкөдөгү нааразычылыктардын натыйжасында кеминде 41 адам каза болуп, дагы 1500 киши кармалган. Каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында коопсуздук күчтөрү да бар.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи эки жумадан ашык убакытка уланган масштабдуу нааразылык акцияларын уюштурууга АКШ менен Израилди күнөөлөгөн.

Комментарий жиберүү