Кыргызстан Түркиядан «Аксунгур» учкучсуз учагын алды

Кыргызстан Түркиядан «Аксунгур» учкучсуз учагын алды

Ал  “Эми “Аксунгур” да биздики” деп жазган жана дрондун макетин кармап түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Атайын кызмат канча даана “Аксунгур” канча каражатка алынганы тууралуу азырынча маалымат бере элек. Өткөн айда Ташиев Фейсбуктагы баракчасына “Байрактар” учкучсуз аппараттарынын “Акынжы” деп аталган түрүнүн жанына түшкөн сүрөтүн жарыялаган жана анын алдына “Акынжы” биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22″ деп жазган. Анда дагы буга байланыштуу кеңири маалымат берилген эмес. Анын алдында, 12-октябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына иш…

Прочитайте больше

Иран Казакстанга Перс булуңунун портунан жер берүүгө даяр

Иран Казакстанга Перс булуңунун портунан жер берүүгө даяр

Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Казакстандын вице-премьер-министри – соода жана интеграция министри Серик Жумангариндин Иранга болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында, казак делегациясы Перс булуңунун жээгинде жайгашкан Бандар-Аббас портунда болгон. Негизги жүк ташуучу жайларды жана порттун сактоо терминалдарын кыдырып, көрүп чыккандан кийин казакстандык бизнес өкүлдөрү Перс булуңунун жээгинде өздөрүнүн кайра жүктөөчү жайларын түзүүгө кызыкдар экенин билдиришкен. Ал эми иран тарап Казакстанга Бандар-Аббас портунан жер тилкесин берүүгө даяр экенин билдирген. «Иран тарап Бандар-Аббас портунда кургак…

Прочитайте больше

Патрушев: Террорчулар Борбор Азияга ооган качкындары менен кошо кириши мүмкүн

Патрушев: Террорчулар Борбор Азияга ооган качкындары менен кошо кириши мүмкүн

Мындай тобокелчиликти ал КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен жолугушууда сүйлөп жатып билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. Ал Ооганстандагы кырдаал качкындардын Борбор Азияга агылышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти. «Качкындар азыр мигранттардын 80%дан ашыгын кабыл алган Иран менен Пакистанга гана эмес, Борбор Азия мамлекеттерине да агылып келүү тобокелчилиги бар», – деди Патрушев. Анын айтымында, башка нерселер менен катар бул Шериктештик өлкөлөрүнө эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн кирип кетишине алып келиши мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин катчысы Ооганстандагы экономикалык кризистин фонунда…

Прочитайте больше

Пакистандагы ок атуудан экс-премьер Имран Хан жараат алды

Пакистандагы ок атуудан экс-премьер Имран Хан жараат алды

Пакистанда парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен жүрүш уюштуруп жаткан мурдагы премьер-министр Имран Хандын кортежине ок атылып, саясатчы жарадар болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлап, ок атылган учурдун видеосун жарыялады. Маалыматта айтылгандай, окуя борбор Исламабаддан 200 чакырымдай алыс аралыктагы Вазирабад шаарында катталды. Хан партиядагы кесиптештери менен көчөдө турне өткөрүп жаткан маалда белгисиз адам автоматтан ок чыгарган. Экс-премьерден сырткары дагы бир нече адам жаракат алып, бир киши каза болгону кабарланды. Имран Хандын бутуна ок тийип, ооруканага жеткирилди….

Прочитайте больше

Россия Индияга эң көп мунай экспорттогон өлкө болду

Россия Индияга эң көп мунай экспорттогон өлкө болду

Россия Сауд Аравияны жана Иракты артта калтырып, Индияга эң көп мунай экспорттогон өлкөгө айланды. Бул тууралуу Vortexa компаниясынын аналитиктери билдиргенин РИА Новости жазды. “Октябрь айында Россия Индияга күнүнө 946 миң баррелден мунай жеткирген. Бул бир айдагы эң жогорку көрсөткүч жана Индиянын жалпы чийки мунай импортунун 22 %ын түзөт. Ошол эле учурда октябрь айындагы жеткирүүлөрдүн 20,5%ы  Иракка, 16%ы туура келген”, – деп жазылат маалыматта. Аналитиктердин эсептөөсүнө ылайык, өткөн айда Индияда чийки мунай импортунун жалпы көлөмү сентябрга салыштырмалуу 5…

Прочитайте больше

Шанхайда миңдеген адамдар коронавирустан улам Диснейленд паркына камалды

Шанхайда миңдеген адамдар коронавирустан улам Диснейленд паркына камалды

Кытайда COVID-19дан улам Шанхай шаарында жайгашкан Диснейленд паркынан миңдеген адамдардын чыгуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу Daily Mail жазды. Daily Mail  жарыялаган видеодон парктын коноктору Диснейлендден кетүүгө аракет кылып, дарбазага чуркап барышканын, бирок дарбаза жабылып калганын көрүүгө болот.  Шаар бийлиги парк зыяратчыларынын кирип-чыгуусуна тыюу салынганын билдирип, парктагылардын арасында вирус жугузуп алгандар бар экенин айтып, тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыкканга чейин оюн-зоок комплексинин аймагында калууга буйрук берди. Паркка күнүнө 60 миңге жакын адам келет. Маалыматка караганда, паркта 34 миңдей…

Прочитайте больше

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

 Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө “шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышы ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына ылайык, бул маалыматты КР президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуусу учурунда айткан. Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды. Мухаммед бин Аль Нахайян сууну сарамжалдуу…

Прочитайте больше

БУУ:ТалибандынтушундаОоганстандаапийимөстүрүү32%гаөстү

БУУ:ТалибандынтушундаОоганстандаапийимөстүрүү32%гаөстү

  Ооганстанда Талибан кыймылы бийликке келгенден бери апийим өстүрүлгөн аянт 2021-жылга салыштырмалуу 32%га көбөйдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын баяндамасында айтылат. Маалыматка караганда, талиптер ушул жылдын апрель айында Ооганстанда апийим өстүрүүгө тыюу салгандан бери ага болгон баа кескин жогорулаган. Ал эми Талибан өкмөтү маңзатка тыюу салганына карабастан, өлкөдө апийим өстүрүү 32%га өскөн. Документке ылайык, 2022-жылы Ооганстанда 233 миң гектар жер апийим өстүрүүгө пайдаланылган. Бул Талибан бийликке келгенге чейинкиден 56 миң гектарга көп….

Прочитайте больше

“Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын туусунун түсүнө боёлду

“Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын туусунун түсүнө боёлду

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында Дубайда жайгашкан эң бийик “Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын туусунун түсүнө боёлду.  Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болуп, анын алкагында бир катар маселелер талкууланды.  Эскерте кетсек, “Бурдж-Халифа” имараты Дубайда жайгашып, бийиктиги 828 метрди түзүп, дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп эсептелет.

Прочитайте больше
1 3 4 5