Шанхайда миңдеген адамдар коронавирустан улам Диснейленд паркына камалды

Кытайда COVID-19дан улам Шанхай шаарында жайгашкан Диснейленд паркынан миңдеген адамдардын чыгуусуна тыюу салынды.

Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Daily Mail  жарыялаган видеодон парктын коноктору Диснейлендден кетүүгө аракет кылып, дарбазага чуркап барышканын, бирок дарбаза жабылып калганын көрүүгө болот. 

Шаар бийлиги парк зыяратчыларынын кирип-чыгуусуна тыюу салынганын билдирип, парктагылардын арасында вирус жугузуп алгандар бар экенин айтып, тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыкканга чейин оюн-зоок комплексинин аймагында калууга буйрук берди.

Паркка күнүнө 60 миңге жакын адам келет. Маалыматка караганда, паркта 34 миңдей адам камалган.

Буга чейин паркка келип кеткендердин ичинен бир аялдын COVID-19га тапшырган тестти оң жыйынтык менен чыккан. Шанхайда вирустун 10 гана учуру катталгандан кийин бийлик Диснейлендди жабууну чечкен. Оору жугузуп алгандардын баарында симптомсуз болгон.

Белгилей кетсек, август айында Кытайда киргизилген чектөөлөрдөн улам 80 000ге жакын турист Хайнань аралында камалып калган.

Комментарий жиберүү