Россия Индияга эң көп мунай экспорттогон өлкө болду

Россия Сауд Аравияны жана Иракты артта калтырып, Индияга эң көп мунай экспорттогон өлкөгө айланды.

Бул тууралуу Vortexa компаниясынын аналитиктери билдиргенин РИА Новости жазды.

“Октябрь айында Россия Индияга күнүнө 946 миң баррелден мунай жеткирген. Бул бир айдагы эң жогорку көрсөткүч жана Индиянын жалпы чийки мунай импортунун 22 %ын түзөт. Ошол эле учурда октябрь айындагы жеткирүүлөрдүн 20,5%ы  Иракка, 16%ы туура келген”, – деп жазылат маалыматта.

Аналитиктердин эсептөөсүнө ылайык, өткөн айда Индияда чийки мунай импортунун жалпы көлөмү сентябрга салыштырмалуу 5 пайызга, ал эми Россиядан алган көлөмү 8 пайызга өскөн.

Маалыматта Кытай деңиз аркылуу жеткирилген орус мунайынын эң ири сатып алуучусу болуп, күнүнө бир миллион баррелден ашык импорттогонуна карабастан, Индия биринчи жолу Россиядан деңиз аркылуу Европа Биримдигине караганда көбүрөөк мунай импорттогону баса белгиленет.

Ошол эле учурда аталган компаниянын аналитиктери Батыштын РФ мунайынын баасы боюнча сунушунан улам келип чыккан чектөөлөрдөн улам декабрь айында Россиядан Индияга мунай азыраак импорттоло турганын божомолдошууда.

Эске салсак, өткөн октябрь айынын башында Европа Биримдиги Россиянын мунайынын үчүнчү өлкөлөргө деңиз аркылуу ташуу баасынын чегин аныктоону камтыган РФга каршы санкциялардын сегизинчи пакетин киргизген.

Ага ылайык, 2022-жылдын 5-декабрынан тартып мунайга, ал эми 2023-жылдын 5-февралынан баштап мунай продукциясынын баасына лимит киргизүү пландалууда.

Комментарий жиберүү