Пакистандагы ок атуудан экс-премьер Имран Хан жараат алды

Пакистанда парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен жүрүш уюштуруп жаткан мурдагы премьер-министр Имран Хандын кортежине ок атылып, саясатчы жарадар болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлап, ок атылган учурдун видеосун жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, окуя борбор Исламабаддан 200 чакырымдай алыс аралыктагы Вазирабад шаарында катталды. Хан партиядагы кесиптештери менен көчөдө турне өткөрүп жаткан маалда белгисиз адам автоматтан ок чыгарган. Экс-премьерден сырткары дагы бир нече адам жаракат алып, бир киши каза болгону кабарланды.

Имран Хандын бутуна ок тийип, ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч жок экенин кабарлашты.

Азыркы өкмөт башчы Шахбаз Шариф кол салууну кескин айыптап, окуяны тыкыр иликтөө тапшырмасын берди. Кылмышка шектүү адам кармала элек.

Үч жылдай бийликте отурган мурдагы крикет жылдызы Имран Ханга быйыл 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

70 жаштагы Имран Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок буга эч кандай далил келтирген эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке каккан.

Учурда ал оппозицияны жетектеп, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат. Пакистандын Шайлоо комиссиясы 21-октябрдагы чечими менен мурдагы премьер-министр Имран Ханды беш жыл мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан. Ал чечимге каршы Жогорку сотко даттанган.

Комментарий жиберүү