Патрушев: Террорчулар Борбор Азияга ооган качкындары менен кошо кириши мүмкүн

Мындай тобокелчиликти ал КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен жолугушууда сүйлөп жатып билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Ал Ооганстандагы кырдаал качкындардын Борбор Азияга агылышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

«Качкындар азыр мигранттардын 80%дан ашыгын кабыл алган Иран менен Пакистанга гана эмес, Борбор Азия мамлекеттерине да агылып келүү тобокелчилиги бар», – деди Патрушев.

Анын айтымында, башка нерселер менен катар бул Шериктештик өлкөлөрүнө эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн кирип кетишине алып келиши мүмкүн.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Ооганстандагы экономикалык кризистин фонунда миграциялык кырдаалдын олуттуу начарлоо коркунучу бар экенине көңүл бурду.

Патрушев Ооганстандагы социалдык-экономикалык абалдын оор бойдон калышы, анын ичинде АКШнын ооган финансы каражаттарына  бөгөт коюсу террордук уюмдардын потенциалын жогорулатууга шарт түзөрүн белгилеп, бул КМШ мейкиндигинде туруксуздуктун күчөшүнө алып келерин белгиледи.

Ал ошондой эле АКШ терроризм менен сөз жүзүндө гана күрөшүп жатканын айтып, көптөгөн террордук уюмдар алардын геосаясий максаттарын ишке ашыруу үчүн америкалыктар тарабынан түзүлгөнүн кошумчалады.

Комментарий жиберүү