Иран Казакстанга Перс булуңунун портунан жер берүүгө даяр

Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын вице-премьер-министри – соода жана интеграция министри Серик Жумангариндин Иранга болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында, казак делегациясы Перс булуңунун жээгинде жайгашкан Бандар-Аббас портунда болгон.

Негизги жүк ташуучу жайларды жана порттун сактоо терминалдарын кыдырып, көрүп чыккандан кийин казакстандык бизнес өкүлдөрү Перс булуңунун жээгинде өздөрүнүн кайра жүктөөчү жайларын түзүүгө кызыкдар экенин билдиришкен.

Ал эми иран тарап Казакстанга Бандар-Аббас портунан жер тилкесин берүүгө даяр экенин билдирген.

«Иран тарап Бандар-Аббас портунда кургак терминал куруу үчүн 15 гектар жерди бөлүп берүүгө макул болду. Бул маселени изилдөө үчүн порттун администрациясы менен казакстандык бизнес өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топ түзүлөт. Бул топ ошондой эле казак эгиндерин кайра ташуу көлөмүн көбөйтүү үчүн силосторду куруу мүмкүнчүлүктөрүн да изилдешет», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулардын алкагында бир катар макулдашууларга анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы товар агымын жылына 1 миллион тоннадан 4 миллион тоннага чейин көбөйтүү боюнча меморандумга коюлган.

Белгией кетсек, Бандар-Аббас -кубаттуулугу жылына 135 миллион тоннаны түзгөн  аймактагы жүк ташуучу эң ири түйүндөрдүн бири. Анда темир жол, авто жана деңиз транспортторунан кайра жүктөө иштери жүргүзүлөт.

Комментарий жиберүү