Иран парламенти өлкөнүн ШКУга киришин жактырды

Бул тууралуу иран ЖМКлары жазды.

“Бүгүн, жекшембиде өткөн парламенттин жыйынында депутаттар Ислам Республикасынын ШКУга кошулуусу боюнча мыйзам долбоорунун мазмунуна макул болушту”, — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоорун кабыл алууга 205 депутат добуш берди.

Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комиссиясынын өкүлү Аболфазл Амуи ШКУнун эл аралык мааниси чоң экенин белгиледи.

Ал Россия менен Кытай катышкан бул уюмду эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алмашуулардын көлөмүнөн улам маанилүү аймактык уюмдардын бири деп эсептейт. Анын пикиринде, Ирандын ШКУга кириши тышкы саясаттын көп тараптуулугун көрсөтөт.

ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан катышат. Байкоочу өлкөлөр – Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

2021-жылдын сентябрында Душанбе шаарында өткөн ШКУ саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу жана Египет, Катар жана Сауд Аравияга диалог боюнча өнөктөш статусун берүү процедурасы башталган.

Уюмдун Самаркандда 15-16-сентябрда өткөн саммитинин жыйынтыгында Иран ШКУга мүчө болуп калбыл алынган. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян менен уюмдун башкы катчысы Чжан Мин кол коюшкан.

ШКУнун баш катчысы Чжан Мин бул күндү Иран үчүн да, уюм үчүн да маанилүү деп атап, “Ирандын ШКУга кириши уюмду бекемдейт деп билдирген.

Быйыл Беларусь дагы бул уюмга кирүүгө арыз берип, мүчөлүккө кабыл алуу процесси башталган.

Комментарий жиберүү